Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Орусияда дагы бир Су-30 аскердик учагы кыйрады

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 21-октябрда Калининград облусунда орусиялык Су-30 аскердик учагы кулап түштү. Мекеменин маалыматына караганда, учак пландалган окуу-машыгуу учурунда кулаган, анын бортунда ок-дары болгон эмес.

Экипаждын эки мүчөсү тең катапультация (атайын механизм менен чыгуу процесси) болгону айтылды. Аларды жердеги издөө-куткаруу тобу алып чыкты. Коргоо министрлиги учкучтардын өмүрүнө коркунуч жок экенин, учак ээн жерге кулаганын билдирди. Кырсыктын себеби азырынча аныктала элек.

Mash Telegram каналынын маалыматына караганда, Су-30СМ үлгүсүндөгү аскердик учак кулаган окуя саат 12:53 чамасында Черняховск шаарына жакын жайгашкан Тимофеев жана Зелёный Бор айылдарынын ортосундагы талаада болгон. Каналдын булактары учкучтардын абалы орто оор экенин, алар аскердик госпиталга жеткирилгенин билдиришүүдө. Коргоо министрлиги экипаж мүчөлөрүнүн жаракат алганы тууралуу маалымат берген жок.

21-октябрь күнү кечинде аскер темаларын чагылдырган блогерлер дагы бир учактын ыктымал кулашы тууралуу жазып чыгышты.

Бул быйыл орусиялык аскердик учактын биринчи жолу кулашы эмес.

29-сентябрда Амур облусунда "Украинка" аэродромунан абага көтөрүлгөн Ту-95МС стратегиялык бомбалоочу учагы кулаган. Коргоо министрлиги алты адам каза болуп, бирөө жаракат алганын билдирген. Кийинчерээк "Медиазона" басылмасы каза болгон экипаждын сегиз мүчөсүнүн тек-жайын аныктаган. Алдын ала маалыматка караганда, кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болгон.

23-июлда Москва облусунда машыгуу учурунда аскердик учак кулап түшкөн. Учкуч катапультация менен жанын сактап калган. Коргоо министрлиги учактын үлгүсүн тактаган эмес, бирок "Коммерсантъ" басылмасынын булагы ал Орусиянын эң жаңы Су-57 аскердик учагы экенин кабарлаган. Учактын үлгүсү тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

3-апрелде орусиялык Су-30 учагы аннексияланган Крымдын үстүнөн кулаган. Коргоо министрлиги учак пландык учуу аткарып жаткан учурда кулап, эки учкуч аман калганын билдирген. Кырсыктын себеби айтылган эмес.

31-мартта Орусия аннексиялап алган Крымда Ан-26 аскердик учагы кыйрап, 30 киши каза тапкан. Кийинчерээк Орусиянын Тергөө комитети борттогу 30 кишинин жетөө экипаж мүчөсү, 23ү жүргүнчү экенин тактаган. Ошол эле күнү Fighterbomber Телеграм каналы Су-34 истребители кулаганын жазган, расмий тараптан аны тактоо мүмкүн болгон эмес.

Су-30 1980-жылдардын аягында Су-27нин негизинде иштелип чыккан, эки орундуу, көп максаттуу орусиялык согуштук учагы. Ал аба мейкиндигинде башка учактарды коштоп жүрүү, кургактагы жана деңиздеги буталарга сокку уруу, ошондой эле абадан чалгындоо жүргүзүүгө ылайыкташкан. Су-30дун ар кандай модификациялары Орусиянын Аэрокосмостук күчтөрүнүн жана Аскер-деңиз флотунун авиациясынын курамында кызмат өтөйт. Бул үлгүдөгү учактарды орус армиясы Украинага каршы согушта колдонууда.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG