Улуттук онкология жана гематология борборуна 2027-жылы 2,5 сом бөлүнөт.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев журналисттерге билдирди.
"Жыл сайын Онкология борборунун бюджети 200 млн сомду түзчү. Бул каражат Жогорку технологиялык борборуна дары-дармек алууга берилчү. Химиялык таргеттик дарыларды бейтаптар өз чөнтөгүнөн сатып алчу. 2025-жылдан тарта өлкө казынасынан биринчи жолу 800 млн сом бөлүнгөн. Өкмөттүн, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен келерки жылга 2,5 млрд сом бөлүнгөнү турат", - деди Букуев.
Былтыр кыргыз өкмөтүнүн чечими менен Бишкектеги Онкология жана гематология улуттук борборуна 10 миллион 141 миң сом бөлүнгөн.
Быйыл жыл башында Акыйкатчы институту жарыялаган отчетто Онкология борборун ракты дарылоо үчүн зарыл каражаттар жана 80дей аталыштагы дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн кеминде 2,5 млрд сом талап кылынары айтылган.
Маалыматка ылайык, 2018–2024-жылдары бул тармакка жыл сайын 3 млн сомдой каражат бөлүнүп келсе, 2024-жылы 176 млн сомго, 2025-жылы 800 млн сомго чейин көбөйтүлгөн. Акыйкатчы институту Улуттук онкология борборунун муктаждыгын толук жабуу үчүн 4,5 млрд сом талап кылынарын белгилеген.
Кыргызстанда рак оорулары менен 35 миңден ашуун адам каттоодо турат. 2025-жылы бул илдеттен 3548 адам каза болгон. (ST)