Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

"Вашингтон Борбор Азияны бир тарапты тандоого мажбурлабайт"

АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жонатан Хеник Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен. 2023-жылдын 4-январы.
АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жонатан Хеник Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен. 2023-жылдын 4-январы.

АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жонатан Хеник мамкатчы Марко Рубионун сапарынан кийин Вашингтон менен Ташкенттин байланыштарына жогору баа берди. "Азаттык" менен болгон маегинде дипломат бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.

20-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Өзбекстандан Индияга сапарын улантты. Аны Самарканд аэропортунда узаткан расмий өкүлдөрдүн арасында АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жонатан Хеник да болду. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы дипломат менен аэропорттун учуу тилкесинде маектешти. Хениктин айтымында, Рубионун сапары Вашингтон менен Ташкенттин ортосундагы мамилелердин жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн көрсөттү.

Сапардын алкагында Самаркандга америкалык ишкерлердин жүздөгөн өкүлдөрү келишти. Бул визит АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүнө көңүлү күчөп, жогорку деңгээлдеги байланыштар жана ишкердик кызматташтык активдешкен учурга туш келди. Хениктин белгилешинче, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жүргүзүп жаткан экономикалык реформалар менен Вашингтондун аймакка болгон кызыгуусунун күчөшү кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда.

Маекте элчи Жексон-Вэник түзөтүүсүнүн келечеги, Өзбекстандын космостук программаларга катышуусу жана АКШнын Борбор Азиядагы ролу тууралуу да сөз кылды. Анын айтымында, Вашингтон аймактагы мамлекеттерди АКШ, Орусия же Кытайдын бирин тандоого мажбурлоону көздөбөйт жана алардын көз карандысыз тышкы саясатын колдойт.

- Бул сапардын жалпы жыйынтыгын кандай баалайсыз? Мамилелерди кайра жандандыруу тууралуу сөз болуп жатабы же визиттин маанисин башкача мүнөздөйт белеңиз?

Жонатан Хеник: Менимче, биздин мамилелер барган сайын бекемделип жатат. Былтыр ноябрда Вашингтондо "С5+1" форматындагы тарыхый саммит өткөн. Ошондон бери президент Шавкат Мирзиёев менен президент Дональд Трамп бир нече жолу жолугушту. Мамлекеттик катчы Рубионун Самаркандга сапары да тарыхый мааниге ээ болду. Ал өзү менен кошо 200дөй америкалык ишкерди алып келди. Экономикалык, соода жана саясий байланыштарыбыздын кеңейип жатканын көрүп жатабыз. Мындай өнүгүүгө абдан кубанычтамын.

- Аймактагы эксперттер менен аткаминерлер Борбор Азия өзгөрүп жатканын көп айтышат. АКШ бул жараянды колдогону менен, анын башкы кыймылдаткычы ички реформалар экени белгиленет. Бул пикирге кошуласызбы?

Жонатан Хеник: Албетте. Трамптын администрациясы Өзбекстанда жана жалпы Борбор Азияда ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү байкап, бул аймакка көңүл бурууну күчөттү. Ошол эле маалда биз президент Мирзиёев баштаган тарыхый экономикалык реформалардын натыйжасын көрүп жатабыз. Бул өзгөрүүлөр америкалык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Биз ишкердик үчүн барган сайын ыңгайлуу болуп жаткан экономикалык чөйрөнү көрүп жатабыз. Вашингтондун кызыгуусу менен Өзбекстандагы реформалардын айкалышы учурдагы оң өзгөрүүлөрдүн негизги факторлорунун бири болду деп ойлойм.

- Аймактагы расмий өкүлдөр Жексон-Вэник түзөтүүсү дагы деле күчүндө экенине тынчсыздануусун билдирип келишет. Бул күнүмдүк ишиңизге канчалык таасир этет?

Жонатан Хеник: Анын күнүмдүк ишибизге түздөн-түз таасири бар деп айтуу кыйын. Анткени Жексон-Вэник түзөтүүсүнүн жоболорун колдонуу көп жылдан бери токтотулуп келет. Бирок анын символикалык мааниси чоң бойдон калууда. Президент Трамп менен мамлекеттик катчы Рубио бул түзөтүүнү жокко чыгарууну колдой турганын ачык билдиришкен.

Жакында эле Өзбекстанга АКШ Конгрессиндеги Салык жана бюджеттик каражаттар боюнча комитеттин төрагасы Жейсон Смит келип, президент Мирзиёев менен жолугушту. Соода мыйзамдары дал ушул комитеттин карамагына кирет. Менин түшүнүгүмдө, Смит мырза келечекте Жексон-Вэник түзөтүүсүн жокко чыгаруу маселесин Конгрессте алдыга жылдырууга аракет кыларын билдирген.

- Рубионун сапарынын негизги жыйынтыктарын эмнеден көрөсүз?

Жонатан Хеник: Бул жакка келген көптөгөн ишкерлер менен сүйлөштүк. Өзбекстанда мурда эле иштеп жаткан компаниялар өз долбоорлорун кыйла алдыга жылдырганын көрүүгө болот. Жаңы байланыштар түзүлдү. Айрым ишкерлер бул өлкөгө алгачкы жолу келишти жана бул жердеги мүмкүнчүлүктөр алар үчүн чоң ачылыш болду. Алардын көбү кайра келет деп ойлойм.

Мындан тышкары, Өзбекстан "Артемида келишимдерине" кошулду. Бул космосту изилдөө жана өздөштүрүү жаатындагы кызматташтыкка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп үмүттөнөбүз. Учурда өкмөт менен бир катар долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Алар президент Мирзиёев ноябрда АКШга барар алдында даяр болот деп ишенебиз. Ал Флоридада өтө турган "Чоң жыйырманын" саммитине расмий байкоочу катары катышат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор жана Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева АКШ–Өзбекстан бизнес жана инвестиция кеңешинин жыйынында.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор жана Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева АКШ–Өзбекстан бизнес жана инвестиция кеңешинин жыйынында.

- Саммитке Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери чакырылды. Бул башка үч өлкө четте калды дегенди билдиреби?

Жонатан Хеник: Мен АКШнын Өзбекстан менен мамилелерине жооп берген дипломатмын. Өзбекстандын жетекчилиги бул чакырууну жогору баалап жатканын жана президент Мирзиёев сапарды чыдамсыздык менен күтүп жатканын гана айта алам.

- АКШ аймактагы өлкөлөрдүн Кытай жана Орусия менен байланышын бузбай туруп, Борбор Азиядагы катышуусун кеңейте алабы?

Жонатан Хеник: Менимче, бул толук мүмкүн. Бул аймактагы процесстерди көп жылдар бою "чоң оюн" деп атап, ири державалардын атаандаштыгы катары түшүндүрүп келдик. Бирок менин оюмча, мындай мүнөздөмө бүгүнкү реалдуулукка туура келбейт.

Борбор Азия өлкөлөрү эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилешти. Ушул аралыкта алар өз алдынча саясат жүргүзө алган көз карандысыз мамлекеттер экенин далилдеди. Алар коңшулары, АКШ, Европа жана башка өнөктөштөр менен мамилесин өз кызыкчылыгына жараша курууга жөндөмдүү экенин көрсөтүштү.

Биз бул өлкөлөргө көбүрөөк тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн бул жердебиз. Бул саясий байланыштарга да, соода-экономикалык кызматташтыкка да тиешелүү. Мындай мүмкүнчүлүктөр алардын аракеттенүү мейкиндигин кеңейтип, эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөгө жардам берет.


Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG