Министрлер кабинети "Кыргыз таза суу" мамлекеттик ишканасын түзүү чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттин эң артыкчылыктуу иши экенин айтып, алдыдагы беш жылга ар бир айыл боюнча так план түзүүнү, таза сууга байланышкан курулушка бөлүнгөн каражаттын натыйжасы болушу керектигин кошумчалады.
Ал курулуштун сапатын, мөөнөтүн жана мыйзамдуулугун сактоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды койду.
Элдин саны жыл сайын өсүп, ички миграция активдешип, союз убагында курулган таза суу системаларынын эскилиги жеткендиктен жана жаңылары курулбай келгендиктен, Кыргызстанда калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо иши кыйла начарлап кеткен. Абалдан чыгууга донорлор жардам берүүдө.
Ушу тапта өлкөдөгү төрт жүздөн ашык калктуу конушта бул курч маселе. Ал эми 700дөй айылда суу тартуу аракети жүрүүдө. Жалпы 2014 айылдын 60 пайызында таза суу жок. Айрымдарында долбоорлоо, куруу иштери жүрүп жатат. Быйыл 70тен ашуун айыл суу менен камсыз болору пландалууда.
Бардык айылды таза суу менен камсыз кылууга 1,3 млрд доллар талап кыланарын Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү департаментинин жетекчи орун басары Зарылбек Каратаев "Азаттыкка" билдирген. (КЕ)