Сыймык Жапыкеев "Кыргызтестке" кайра сынак берди

Сыймык Жапыкеев.

Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматын жетектеген Сыймык Жапыкеев 21-октябрда кыргыз тили боюнча “Кыргызтестке” кайра сынак берди. Бул тууралуу өзү “Азаттыкка” ырастап, жазуу боюнча тапшырма аткарганын билдирди.

“Мурдагы сынакта көп ката кетирген экем. Аны мага Батма эже (ред: Батма Топоева-Ставинская – “Кыргызтесттин” жетекчиси) көрсөтүп берди. Дил баян жазып чыктым. Жыйынтыгы аз күндө чыгат дешти. Жетиштүү баа алсам, документтер менен 1 миллион сомду алып, БШКга арыз жазам”, - деди Жапыкеев.

Президенттик шайлоодо талапкер болуу ниетин билдирген Жапыкеев 12-октябрда кыргыз тилинен сынак берип, эки тапшырма боюнча жетиштүү баа ала албай калган.

Ал 19-октябрга караган түнү үйүнөн милиция кызматкерлери кармап кеткенин айтып, сегиз сааттан бери милицияда кармалып турганын айтып, кайрылган. Жапыкеев ошол күнү “Кыргызтестке” кайра сынак бермей болуп жатканын айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Сыймык Жапыкеев Бишкектеги Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринин жашоочусунун арызы менен милицияга жеткирилгенин маалымдаган. Маалыматка караганда, 19-октябрда түнкү саат 02:11 чамасында тынчтыкты бузуп, кыйкырып, ызы-чуу чыгарып жатканы боюнча милициянын "102" кызматына кайрылуу түшкөн.

Бул фактыны Биринчи май райондук милиция бөлүмү каттоого алып, сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган.

Сыймык Жапыкеев коомчулукка 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоолордо “Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири катары таанылган. Аны ошол окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат. Октябрь окуясынан кийин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болуп дайындалып, беш ай иштегенден кийин бул мекеме жоюлуп кеткен.

Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу нитетин билдирип, 8-октябрда “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, өтпөй калган. Ал лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алган эмес.

Дагы караңыз

Абактагы Султанбеков президентке кат жолдоп, ачык сот өткөрүүгө чакырды Ишкер Ташов абактан президентке кат жазды, өзүнө далилсиз иш козголгонун айтты Опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылдыОрусияда дагы бир Су-30 аскердик учагы кыйрады