Композитор жана обончу Турганбай Молдогазиев дүйнө салды

Турганбай Молдогазиев

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор, обончу, маданият таануучу Турганбай Молдогазиев 86 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

"Турганбай Молдогазиев кыргыз улуттук искусствосун өнүктүрүүгө, маданий мурастарды сактоого жана жаш муундарга музыкалык билим берүүгө өмүрүн арнаган көрүнүктүү инсан эле. Ал чыгармачылык жана педагогикалык ишмердүүлүгү аркылуу кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, артында баалуу руханий мурас калтырды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Турганбай Молдогазиев 1940-жылдын 13-июнунда Ысык-Көл районундагы Темир айылында туулган. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын жана Москва мамлекеттик маданият институтун аяктаган.

Эмгек жолун музыкалык билим берүү тармагынан баштап, ар кайсы жылдары маданий жана билим берүү мекемелеринде жооптуу кызматтарды аркалаган. М.Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директору, Кыргыз ССРинин Театр коомунун төрагасынын орун басары, Маданият министрлигине караштуу Элдик чыгармачылык жана маданий-агартуу илимий-методикалык борборунун директору болуп иштеген. Ошондой эле Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, Бишкек гуманитардык университетинде проректор жана окутуучу болуп эмгектенген.

Турганбай Молдогазиев чыгармачылык менен илимий изилдөөнү айкалыштырып, кыргыз фольклорун, элдик музыканы жана "Манас" эпосун изилдөөгө өзгөчө көңүл бурган. Анын "Күү баяны" аттуу илимий-көркөм радиоберүүлөрүнүн сериясы угармандарга улуттук музыкалык мурастарды таанытууда маанилүү орун ээлеген.

Ал бир катар обондордун, күүлөрдүн, пьесалардын жана маданий иш-чаралардын сценарийлеринин автору болгон. Анын «Сонун кез», «Ак шоола чачсаң», «Гүл талаа», «Гүлдөй бер, Кыргызстан» сыяктуу чыгармалары, «Карыянын кайрыгы» жана «Ысык-Көл баяны» аттуу күүлөрү чыгармачылык мурасынын бир бөлүгүн түзөт.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-октябрь күнү саат 10:00дө Бишкектеги Москва көчөсү, №90 дарегинде өтөт. (КЕ)

Дагы караңыз

Санкциялык тобокелдиктен улам мамлекеттик банктар 240тан ашуун эсепти тейлөөнү токтоттуКыргызстанда ЖМКлардын жаңы реестрине 3 миңге жакын басылма кирдиКыргызстанда "Кыргыз таза суу" мамлекеттик ишканасы түзүлөтОнкология борборуна келерки жылы 2,5 млрд сом бөлүнөт