22-октябрга караган түнү Орусия Украинага ракета жана дрондор менен жапырт сокку урду. Соңку маалыматка караганда, Киевде жана Харьков облусунда кеминде үч адам каза болуп, 40тан ашуун киши жараат алды.
Украин президенти Владимир Зеленский кечтен бери Киевге 21 ракета, анын ичинде баллистикалык ракеталар атылганын билдирди. Анын айтымында, соккулардан турак жайлар, энергетикалык объекттер, темир жол жана метро инфраструктурасы, соода борборлору менен ишканалар жабыркады. Бузулган жайлардын арасында диний жай да бар.
Зеленский азырынча эки адам каза болгону белгилүү экенин, Киевде жана башка аймактарда 34 киши жараат алганын, алардын бешөө балдар экенин айтты.
Харьков облусунда дрон турак үйгө тийип, бир адам каза болду. Дагы тогуз киши, анын ичинде эки бала жараат алды.
Изюм шаарында учкучсуз аппараттардын соккусунан эки үй өрттөнүп, үч адам жабыркады. Харьковдун бир нече районунда турак жайларга жана жарандык инфраструктурага жасалган чабуулдан кийин өрт чыккан. Бир адам жараат алганы кабарланды.
Украинанын Аскердик аба күчтөрү билдиргендей, түн ичинде Орусия ар түрдүү үлгүдөгү ракеталар жана 210 сокку уруучу дрон менен чабуул жасады. Аба чабуулунан коргонуу күчтөрү 181 дронду атып түшүргөнүн маалымдады. Негизги бута Киев болгону белгиленди.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киевдеги аскердик-өнөр жай комплекси менен байланышкан ишканаларга, транспорттук инфраструктурага, ошондой эле Одесса облусундагы порт объекттерине жана Украина армиясынын кызыкчылыгында пайдаланылган кемелерге сокку урулганын билдирди.
Киев шаардык администрациясы коопсуздукка байланыштуу Түштүк көпүрө (Южный мост) эки тараптуу убактылуу жабылганын маалымдады. Буга чейин мэр Виталий Кличко көпүрөдөгү метро инфраструктурасынын бир бөлүгү жабыркаганын билдирген. Алгач Днепрдин сол жээгине өтүүчү кыймыл гана чектелген болсо, кийин көпүрө толугу менен жабылды.
Зеленский бул чабуулду Орусия менен өткөн кезектеги сүйлөшүүлөрдөн кийинки «көрсөтмөлүү сокку» деп атап, Москва мамилесин өзгөртө элек деген пикирин билдирди.