Казакстандык журналист Амангелды Батырбеков 20 күндүк административдик камак мөөнөтү аяктагандан кийин дароо эки айга камакка алынды. Бул тууралуу журналист 23-октябрда Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, 22-октябрда Сарыагаш райондук соту кылмыш ишинин алкагында аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Басма сөз эркиндигин коргоо менен алектенген "Әділ сөз" фонду да журналисттин камалганын жарандык активист Тортуыл Шоканга шилтеме кылып билдирди. Шокандын маалыматына караганда, 2-октябрда Сарыагаш райондук соту Батырбековго Казакстандын Административдик укук бузуулар жөнүндөгу кодексинин 73-3-беренеси ("Жалаа") боюнча 20 сутка административдик камак жазасын берген.
"Әділ сөз" фонду журналистке карата жаңы кылмыш ишинин алкагында кандай айып коюлганы, анын процесстик макамы жана эки айга камакка алуу чечиминин расмий негиздери азырынча белгисиз экенин, бул жагдайга көз саларын билдирди.
Амангелды Батырбеков буга чейин да кесиптик ишмердигине байланыштуу бир нече жолу кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылган.
2019-жылы Сарыагаш райондук соту аны Келес райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Абдиевге "жалаа жапкан жана аны кемсинткен" деп таап, эки жыл үч айга эркинен ажыраткан. Бирок 2020-жылы Түркстан шаарындагы апелляциялык сот журналистти актап, камактан бошоткон.
2022-жылдын январында белгисиз адамдар журналисттин уулу Динмухамедди үйүнүн жанында атып кетишкен. Бул окуя адам өлтүрүүгө буюртма берүү катары тергелген. Иш боюнча мурдагы аткаминер Бауыржан Майрихов 11 жыл үч айга, дагы үч айыпталуучу 11 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө соттолгон. Динмухамедге дарыгерлер дароо операция жасап, аман алып калышкан.