Украинада жапырт дрон соккусунан эки адам каза болду, 30дан ашууну жараат алды

Соккудан кийинки Киев. 24-октябрь, 2026-жыл.

24-октябрга караган түнү Орусиянын армиясы Украинага 126 учкучсуз учуучу аппарат менен чабуул койду.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, дрондор 14 жерде бутага тийген. Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастаган жок. Ракеталык соккулар катталган эмес.

Киев шаарынын Оболон районунда соккудан жеке турак үй кыйрап, эки адам жабыркаган.

Житомир облусунда орусиялык дрондор маанилүү инфраструктуралык объектилерди бутага алган. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

Донецк, Херсон, Запорожье жана Харьков облустарында акыркы суткада орусиялык аткылоолордон эки адам каза болуп, 30дан ашууну жаракат алган. Каза болгондор Донецк облусундагы Краматорск жана Славянск шаарларынын тургундары болгон. Маалыматтарга караганда, Орусия бул шаарларга башкарылуучу авиабомбалар менен сокку уруп келет. Жабыркагандардын арасында балдар да бар.

Сумы шаарында коомдук транспорт ишканасы аткылоого кабылып, болжол менен 15 маршруттук такси жабыркаган же толугу менен жок кылынган.

Дагы караңыз

Шашылыш билдирүү: Үшүк жүрөтТИМ Мисирге баруучу кыргызстандыктарга жаңы талаптар тууралуу эскертти"Русский дом" - Кыргызстандан Африкага чейин жайылган таасирФранцияда куралдуу кол салуудан бир адам каза болду, бешөө жараат алды