Кыргызстанда күйүүчү майдын жыл аягына чейин жете турган кору бар

Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Кыргыз өкмөтү “Жунда”, “Кыргызнефтегаз” ишканаларынын кампаларында турган жана ушул тапта ташылып келет деп пландалып жаткан күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алганда АИ-95, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин, дизелдин, автогаздын кору ушул жылдын аягына чейин жетерин билдирди.

“Ынтымак ордо” кабарлагандай мамлекет кара май ташыган компанияларга субсидия берүүнү улантууда. Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу менен алектенген ишканаларга субсидия берүүгө республикалык бюджеттен 11,389 млрд сомдон ашуун каражат каралган. Бул сумманын 2,623 млрд сомдон ашууну берилди. Субсидия берүү 2026-жылдын 25-майынан тартып ишке аша баштаган жана ал 31-декабрга чейин уланат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкөнүн ички рыногун үзгүлтүксүз камсыздоо, чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү, өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоону аяктоо жана жаңы ишканаларды куруу боюнча коюлган иштерди ыкчамдатуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан жылына болжол менен 1 миллиард 400 миллиондон 1 миллиард 850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын (бензин, дизель жана суюлтулган газ) керектейт. Анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.

Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди. (BTo)

Дагы караңыз

Акыйкатчы институту УКМКдагы кыйноолор тууралуу маалыматтарды тактап жатканын билдирди Садыр Жапаров тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо боюнча жарлыкка кол койдуКоомдук ишмер Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайттыОрусиянын Украинага түнкү чабуулдарынан кеминде алты адам жаракат алдыПара алууга шек саналып кармалган УКМКнын мурдагы эки жетекчиси үй камагына чыкты