Харьковдо Орусиянын ракета соккусунан эки адам мерт кетип, төртөө жаракат алды

Харьков. 26.10.2026

Орусиянын армиясы Украинанын Харьков шаарынын Новобавар районун ракеталар менен аткылады. Шаардын мэри Игорь Тереховдун маалыматына караганда, чабуулдан эки адам каза болуп, төрт адам жаракат алган.
Анын айтымында, көп кабаттуу жана жер үйлөр, ошондой эле автоунаалар жабыркаган.

Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов соккудан кийин автоунаалар өрттөнүп, 10 гаражга зыян келгенин билдирди.

Харьков шаары жана облусу Орусиянын аткылоосуна күн сайын кабылып келет.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, 26-октябрга караган түнү Харьков, Лозова жана Чугуев райондоруна сокку урулуп, өрт чыккан.

Октябрдын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский Financial Times басылмасына берген маегинде Орусия жакынкы убакта Украинадагы жарандык объектилерге, айрыкча Киев, Харьков, Одесса жана Львов сыяктуу ири шаарларга соккуларды күчөтүүнү көздөп жатканын билдирген. Ал мунун максаты жергиликтүү калкка басым көрсөтүү деп эсептейт.

Дагы караңыз

Кыргызстанда күйүүчү майдын жыл аягына чейин жете турган кору барТажикстан: Рогун дамбасы Париждеги Эйфел мунарасынан да бийик болот "Майнинг ферманы мен курдургам". Ширшов Максим Бакиевдин сырын ачканбы? Бишкек: Экс-депутаттын аты аталган үй талашАкыйкатчы институту УКМКдагы кыйноолор тууралуу маалыматтарды тактап жатканын билдирди Садыр Жапаров тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо боюнча жарлыкка кол койду