Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Азамат Эсенбеков кайрылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы 27-октябрда маалымдады.
Президенттик шайлоого катышуу арызы менен Боршайкомго алгач ишкер Аймен Касенов 14-октябрда кайрылган.
Ага чейин президент Садыр Жапаров, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Суваналиев, Финполициянын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого талапкерлигин коерун ачык жарыялаган.
Кыргызстанда президенттик шайлоо кийинки жылдын 27-январында белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча президенттикке талапкерден арыз алуу шайлоого 75 күн калганда, 13-ноябрда токтойт.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт. Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына бериши зарыл.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрдан 26-январга чейин жүргүзүлөт. (ZKo)