Прокуратура Аскат Жетиген кыйноого кабылганы тууралуу арыз жазышы керектигин билдирди

Аскат Жетиген. Бишкек. 19-август, 2026-жыл.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева акын жана комузчу Аскат Жетиген камакка алынган учурда кыйноого кабылганы тууралуу Башкы прокуратурага арыз жазышы керектигин, андан кийин гана кылмыш ишин козгоо же баш тартуу чечими кабыл алынарын билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Бирөөнү жоопко тартуудан мурун фактыны аныкташ керек. Ар ким ар түрдүү сөздөрдү айтып, такталбаган маалыматтарды бериши мүмкүн. Бирөөнү жоопко тартуу үчүн ал факт канчалык негиздүү экенине текшерүүнүн жыйынтыгы менен гана баа берилиши керек. Ал эми Аскат Жетиген бизге өзү арыз менен кайрылышы зарыл. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талабына ылайык, социалдык тармактагы билдирүүлөр кылмыш ишин козгогонго негиз болуп эсептелинбейт, анын арызы керек. Ал расмий арыз жазып кайрылсын, азыр эркиндикте да”, - деди ал.

Аскат Жетиген 24-октябрда журналист Семетей Аманбековго берген маегинде ал кармалгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын, аны аны ток менен кыйнап, башына желим баштык кийгизип, сабашканын айткан.

“Мени тергөө абагына алып баратышкан. Мени алып жүргөн балдардын бирине бирөө чалып, ал “макул, шеф” деп, мени УКМКнын шаардык бөлүмүнө алып барды. Ал жерде беткап кийген төрт адам жүрүптүр. Унаа токтоп, токтой электе эле мени сүйрөп түшүрүштү. Колума кишен салып, жер төлөгө алып киришти. Темир отургучка отургузуп, колдорума ток туташтырышты. Менин божомолум боюнча, бул бир сааттай убакытка созулду. Башыма баштык кийгизип, буттарымды тепкилеп, сабашты. Бутума тура албай калдым”, - деген Аскат Жетиген.

Акын “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айыпталып, үч жыл Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде камакта отуруп, быйыл 19-августта чыкты. Ал күнөөсү жоктугун белгилеп, ырайым сурабай, өзүнө чегерилген үч жылдык мөөнөттү толук өтөгөнүн билдирген.

Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”), экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жарыялаган видеосунан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) негизинде.

2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган.

33 жаштагы Аскат Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров эл менен жолугушуусу шайлоого байланыштуу эмес экенин айттыПрезидент Жапаров Ширшов мамлекеттик мекемелердин ишине кийлигишпей турганын айттыИзраилде Газадагы согуш башталгандан берки алгачкы парламенттик шайлоо өтүп жататПрезиденттик шайлоого катышуу арызы менен дагы бир жаран БШКга кайрылды"Ала-Арча" көрүстөнүндө Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган жерди аныктоо иши башталатКыргызстан Airbus үлгүсүндөгү 10 учак сатып алууну пландап жатат