Өзгөндө былтыр курулган спорт комплекс урап жатканы айтылды

Өзгөн шаарындагы жаңы стадион ачылган кези. Август, 2025-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Өзгөн шаарында 2025-жылы ачылган жаңы стадион жана спорт комплекси четинен бузулуп жатканын билдирди.

"Былтыр биз Өзгөн шаарында чоң салтанат менен борбордук спорт комплексин ачканбыз. Жаңы стадион ишке берилген. Бирок мына, андан бери бир жыл эки ай өттү. Тилекке каршы, АРИС программасы менен курулган объектилер четинен бузулуп жатат. АРИС программасы бүгүнкү күнгө чейин курган объектилерин жергиликтүү бийликке расмий өткөрө элек. Эмне үчүн мындай болуп жатканы түшүнүксүз", - деген депутат спорт комплексинин курулушуна эл аралык уюм акча бөлүп, подрядчы ишкана курганын кошумчалады.

Өзгөн шаарындагы Зулпукар Ормонов атындагы спорт комплексинин ачылышы 2025-жылы августта болгон. Анын алкагында 1968-жылы курулган стадион да жаңыланган. Стадиондун аянты 3,36 гектарды түзөт, жалпы 2 240 адамга эсептелген.

Кыргыз өкмөтү 2025-жылы спортту каржылоо үчүн 2 миллиард 445 миллион сом бөлгөн. 2024-жылы бул сумма 2 миллиард 141 миллион сомду түзгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Санкциялык тобокелдиктен улам Кыргызстанда жалпы 52 ишкана жабылдыФинляндия орусиялык активистке башпаанек берүүдөн баш тартып, аны депортациялоо чечимин чыгардыФутболчу Килиан Мбаппе Мао Цзэдун тууралуу айтканы үчүн кечирим сурадыСадыр Жапаров эл менен жолугушуусу шайлоого байланыштуу эмес экенин айтты"Акаевдин №1 душманы болгон". Рамазан Дырылдаевдин кыргыз саясатындагы орду