Бишкекте Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү

Роза Айтматова. ("Азаттыктын" архиви)

28-октябрда Бишкекте коомдук ишмер, окумуштуу-педагог, физика-математика илимдеринин кандидаты Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү.
Маркумду акыркы сапарга узатууга жакындары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты.

Президент Садыр Жапаровдун атынан үй-бүлөсүнө көңүл айткан мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Роза Айтматованын дүйнөдөн кайтышы кыргыз эли, анын ичинде илим жана билим берүү тармагы үчүн чоң жоготуу болгонун белгиледи. Ал маркумдун элге кызмат кылуу, чынчылдык жана адамгерчилик сапаттарын өзгөчө белгиледи.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы да парламенттин атынан көңүл айтып, Роза Айтматованын акыл-насааты жана баалуу эмгектери кийинки муундар үчүн мурас болуп каларын билдирди.

Экс-президент Роза Отунбаева маркумду аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого, Кыргызстанда жарандык коомду өнүктүрүүгө чоң салым кошкон коомдук ишмер катары эскерди. Отунбаева Айтматованын аялдарды колдоо боюнча бейөкмөт уюм түзүп, ондогон аял активисттерди тарбиялаганын,шайлоолордо аялдар үчүн квота киргизүүгө салым кошконун белгиледи. Экс-президент ошондой эле маркумдун атасы Төрөкул Айтматовдун ысымын жана мурасын сактоодогу эмгегин да айтып кетти.

Роза Айтматова 26-октябрда Бишкекте 89 жашында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Роза Айтматова бир тууган Айтматовдордун эң кичүүсү эле. Буга чейин эки агасынын, эжесинин көзү өтүп кеткен.

Кыргыз коомчулугу аны залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы гана эмес, коомдук иштерге активдүү аралашып, кыргыздын нарк-насилин мыкты билген даанышман, репрессия тууралуу эскерүүлөрдү жазган калемгер, аялдардын укугу үчүн күрөшкөн активист катары да таанычу. Өмүрүнүн соңунда атасы Төрөкул Айтматов тууралуу эскерүүлөрдү, сталиндик репрессиянын аялдар менен балдарга тийген запкысын жазып кетти.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат социалдык мекемелердин тамагына жооптуу комбинат түзүүнү сунуштадыӨзгөндө былтыр курулган спорт комплекс урап жатканы айтылды Бишкектеги ыш маселеси кайрадан көтөрүлүүдөСадыр Жапаров эл менен жолугушуусу шайлоого байланыштуу эмес экенин айттыСанкциялык тобокелдиктен улам Кыргызстанда жалпы 52 ишкана жабылдыИзраилдеги шайлоо: оппозиция жана бийлик тең чыкканы кабарланууда"Акаевдин №1 душманы болгон". Рамазан Дырылдаевдин кыргыз саясатындагы орду