Израил: Нетаньяхунун блогу шайлоодо аз айырма менен алдыда баратат

2026-жылдын 27-октябры. Израилдеги Кнессетке шайлоо күнү. Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун үгүт плакаты.

Израилдеги парламенттик шайлоодон кийин бюллетендердин 72,4% саналып бүттү. Анын жыйынтыгы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун блогу бир аз айырма менен алдыга озгонун көрсөттү.

Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы Израилдин Борбордук шайлоо комиссиясына таянуу менен билдирди. Акыркы эсептерге таянган болжолдуу маалыматтарга караганда коалиция Кнессетте 54 орунду алышы мүмкүн.

Нетаньяхунун негизги атаандашы –ЦАХАЛдын Башкы штабынын мурдагы башчысы Гади Айзенкоттун партиясына 48 орун, арабдар партиясына 18 орун тийиши ыктымал.

Мындай жыйынтык саясий топтордун бири дагы өкмөттүк көпчүлүктү түзүү үчүн керектүү добуш албады дегенди түшүндүрөт. Өкмөт куроо үчүн парламентте 61 мандат болушу керек.

Добуштар толук саналып бүткөнгө чейин маалыматтар жана божомолдор өзгөрүшү мүмкүн.

Шайлоого катышуу көрсөткүчү быйыл 1999-жылдан берки эң жогору болду. Добушканаларда узун кезектер байкалды. Шейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00гө карата жалпы өлкө боюнча шайлоочулардын катышуусу 77,7% түздү. 2022-жылдагы мурунку шайлоодо ушул эле убакта катышуу көрсөткүчү 70,6% болгон.

Израилде добуш берүү укугуна ээ жарандардын саны 7 миллиондон ашат.

Бул 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС башында турган радикал топтор Израилдин түштүгүнө кол салгандан кийинки алгачкы шайлоо. Бул окуялардын арты Газадагы согуш, Ливандагы аскердик аракеттер жана Иран менен жаңжал менен коштолду.

Көптөр бул добуш берүүнү өлкөнүн тарыхындагы эң чечүүчү шайлоолордун бири деп атап жатышат. Саясий жарыш премьер-министр Нетаньяхунун жана анын ашынган оңчул коалициясынын саясатына карата референдум катарыда бааланууда.

Reuters агенттиги жазгандай, Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнүн саясаты Израилдин ичинде өз ара ажырымды тереңдетип, өлкөнүн эл аралык коомдон обочолонуп калуусуна алып келди. Нетаньяху өзүн "мамлекеттин душмандарына каршы тура ала турган чечкиндүү жалгыз лидер" деп эсептейт.

Нетаньяхунун оппоненттери үч жыл мурда ХАМАСка кандуу кол салууну ишке ашырууга мүмкүндүк берген кемчиликтер үчүн аны жооптуу деп эсептешет. Ал эми Нетаньяху өзүнүн жоопкер экенин моюнга албайт. раиле имеют свыше 7 миллионов человек.

Дагы караңыз

Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз бердиКамактагы кыйноо: президент текшерүүнү тапшырды, прокурор Аскат Жетигенди арыз жазсын деди