"Атам каза болуп калды..."
Маркум Касмалы Оморовдун жакындары ал УКМК кызматкерлеринин ур-токмогунан каза болгонун айтып чыгышты. Кызы Уулбү Касмалиева бул маселе боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылып, Чаткал районундагы жыйында маселени айтууга аргасыз болгонун билдирди.
"Биздин оорукананын башкы дарыгерине УКМК кызматкеринен чалуу болуп, ооруканадан чыгарып салгыла деген. Эч кимди аралаштырбай, Ошко алып кетели дегенбиз. “Азыр силерге да кол салуу болот, мен бир аз унуттуруп турайын”, деди. Ошко алып барсак, кабыргалары сынып, өпкөсү тешилип, атам каза болуп калды. Ошондон бери бардык жактарга кайрылып келебиз, бирок сизге үнүбүз жетпей жатты. Ташиев келгенде да агамды ага киргизбей коюшкан. Азыр мен да келсем, түрдүү адамдар сурашты: “Эмне максат менен келдиңиз?” деп".
Касмалы Оморов Чаткал айылдык кеңешинин депутаты жана төрагасы болгон. Маркумдун уулу Канжарбек Оморовдун айтымында, атасы айыл өкмөттөрүн бириктирүү жана аймактарды ирилештирүү иштеринин жүрүшүн сындап, элдин талаптарын айтып чыккан."Аким түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес. Чаткал району облустагы чоң район, башка өлкөлөр менен чектеш болгондуктан эл каршы болуп жатканын айтышкан. Бирок ага карабастан УКМКнын кызматкери аймактарды күч менен кошуп салган. Атам да бул иштер мыйзамдуу жүргүзүлбөй жатканын айтып кайрылуу жасаган. Менин атам айылдык кеңештин депутаты, төрагасы болгон. Атамды Жалал-Абад облусунан комиссия келди деп аймактык милиция аркылуу алдырышкан. Кийин эч кандай комиссия келбегени белгилүү болгон. Ошол жерден атамдын колуна кишен салып, УКМК кызматкерлери Ала-Букага алып кетишкен. Ал жактан ур-токмокко алып, кабыргаларын сындырып салышкан экен".
Президенттин тапшырмасы
Президент Садыр Жапаров маркумдун кызынын кайрылуусунан кийин Башкы прокуратурага ишти териштирүүнү тапшырды:
"Бул айымдан азыр арыз алыңыз. Кайрадан териштирип баштагыла. УКМКнын кайсы кызматкери барып, 50 миң сом акча берем деген, кимиси сабаган? Ал кишини күнөөлөй албайм. Оптималдаштыруу болуп жаткан учурда 460тан ашык айыл өкмөтү бар эле. Азыр 230га түштү. Бул биздин мамлекеттин жумушу болчу. Коркутуп, уруп, сабабай эле түшүндүрсө болот эле да".
Атайын кызматтан запкы көрүп, кыйноого кабылдым деген кайрылуулар өлкө башчысы катышкан аймактардагы жыйындарда улам айтылууда. Өзүн мурдагы ички иштер кызматкери катары тааныштырган Нурдин Бостонбаев да УКМКнын Ош шаарындагы кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып берди. Аны биринчи жолу мыйзамсыз курал-жарак сактоого, экинчи жолу контрабандага айыптап кармашкан:
"Мени төрт саат сабашты. Үч-төрт жолу эсимден тандырып, токко улашты. Колума чаап, колумду сындырышты. Кылбаган нерселерди кылышты. Үч жолу ток менен урганда эсимден тангам, калганы эсимде жок. Башыңа пакет кийгизген эч нерсе эмес, катуу сабашат экен. «Шарманка» деген ток бар, аны урганда иштегендердин баары билет. Ошону менен кыйнашты, мен эч нерсени моюнума алган жокмун".
Прокурор: Аскат Жетиген арыз жазып кайрылсын
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, жер-жерлерде кыйноого кабылгандардын арызданууларына комментарий берди.
Ошону менен катар ал акын Аскат Жетиген айтып чыккан фактылар боюнча мындай деди:
"Бирөөнү жоопко тартуудан мурун фактыны аныкташ керек. Ар ким ар түрдүү сөздөрдү айтып, такталбаган маалыматтарды бериши мүмкүн. Бирөөнү жоопко тартуу үчүн ал канчалык негиздүү экенине текшерүүнүн жыйынтыгы менен гана баа берилиши керек. Ал эми Аскат Жетиген бизге өзү кайрылышы керек. Социалдык тармактагы билдирүүлөр кылмыш ишин козгогонго негиз болуп эсептелинбейт, анын арызы керек. Ал расмий арыз жазып кайрылсын, ал азыр эркиндикте".
Юристтер бул өңдүү кайрылууларды текшерип, адилет чечим чыгаруу үчүн атайын комиссия түзүлүшү зарыл деп эсептешет.
"Президенттин УКМКга, прокуратурага текшергиле дегени майнап бербейт. Ошол убакта башкы көзөмөл органы иштерди бекитип, сотко өткөрүп жүргөн. Бул карышкырга кой кайтартып, кайра эле ошол карышкырга кайрылгандай болуп калат. Менимче, президенттин мандаты - адегенде комиссиябы же мыйзамга туура келген жолдор менен карап чыгыш керек. УКМКнын ошол убактагы 90% иштери жөн эле күнөөнү моюнуна алдырып, кийин сотко алып барып мыйзамдаштырып койгон", - деди юрист Асылбек Коңгуров.
Акыйкатчы институту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлеринин кыйноосуна кабылган жарандардын президентке кайрылуулары боюнча териштирип, тактоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирүүдө.
"Акыйкатчы институтуна тогуз айда жалпы 439 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 81 кайрылуу эркиндиги чектелген жайларда жарандарды кармоо шарттарына, 44ү кыйноо фактыларына байланыштуу болгон. Аскат Жетиген айткан фактылар боюнча Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөн. Бирок башкы прокуратура Аскат Жетиген айткан маалыматтар тастыкталбаганын билдирип, жооп жөнөткөн. Башка органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү мен тараптан мүмкүн эмес. Биз мыйзамдын негизинде, кыйноолор түшө турган болсо тиешелүүлүгү менен көзөмөл органга жиберебиз", - деди акыйкатчынын орун басары Медербек Усаров.
Атайын кызматтын башчылыгынан Камчыбек Ташиев алынгандан кийин жер-жерлерде нааразы болгондор көбөйүп, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин үстүнөн эле 386 арыз жазылганы айтылган. 22 кызматкерге карата кылмыш иши козголуп, жүзгө жакыны жумуштан четтетилген. Бирок али күнгө чейин коопсуздук кызматкерлеринин ишине карата арыздангандар токтобой келет.
Аскат Жетиген ток менен кыйноого кабылганын айтты
Ырчы жана комузчу Аскат Жетиген абакка түшкөн учурунда кыйноого кабылганын билдирди. Бул тууралуу ал 24-октябрда журналист Семетей Аманбеков менен подкастта айтып берген. Анын айтымында, атайын кызматтын кызматкерлери аны ток менен кыйнап, башына желим баштык кийгизип, сабашкан.
"Мени тергөө абагына алып баратышкан. Мени алып жүргөн балдардын бирине бирөө чалып, ал “макул, шеф” деп, мени УКМКнын шаардык бөлүмүнө алып барды. Ал жерде беткап кийген төрт адам жүрүптүр. Унаа токтоп, токтой электе эле мени сүйрөп түшүрүштү. Колума кишен салып, жер төлөгө алып киришти. Темир отургучка отургузуп, колдорума ток туташтырышты. Менин болжолум боюнча, бул бир сааттай убакытка созулду. Башыма баштык кийгизип, буттарымды тепкилеп, сабашты. Бутума тура албай калдым".
Аскат Жетиген айткан мекемелер азырынча комментарий бере элек. Абакта отурган кезде тергөөдө кыйноого кабылганы тууралуу бир нече жолу кат жазып, аны тиешелүү органдар четке каккан.
Ырчы “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айыпталып, үч жыл Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде камакта отуруп, быйыл 19-августта чыкты. Ал күнөөсү жоктугун белгилеп, ырайым сурабай, өзүнө чегерилген үч жылдык мөөнөттү толук өтөгөнүн билдирген.
Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”), экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жарыялаган видеосунан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) негизинде.
2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган.
33 жаштагы Аскат Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.
Ушул аптада ал мындан аркы ишмердүүлүгүн саясий позициясынын алкагында жүргүзөрүн жана маданиятты, тарыхты, кыргыздын салттуу музыкасын өнүктүрүүгө басым жасай турганын Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Шерине