Бишкек 28-октябрда абанын булганышы боюнча экинчи орунга чыкты

Бишкектеги ыш (архив)

Бүгүн, 28-октябрда саат 17:30га карата Бишкек абасы эң булганган дүйнөдөгү ири шаарлардын рейтингинде экинчи орунда турду. Бул тууралуу World Air Quality рейтингинде көрсөтүлгөн.

Сайттын маалыматына караганда, борбор калаадагы абанын сапат индекси «ден соолукка зыяндуу» категориясындагы (AQI) 171ге жеткен. Маалымат реалдуу убакыт режиминде жаңыланып турат.

AQI индекси ден соолукка тийгизген коркунучтун деңгээлине жараша алты категорияга бөлүнөт. Индекстин көрсөткүчү 300дөн жогору болсо, абанын сапаты кооптуу деп эсептелет. Ал эми 50дөн төмөн көрсөткүч абанын сапаты жакшы экенин билдирет.

27-октябрда Бишкек World Air Quality уюмунун индексинде Багдад менен Каирден кийин 3-орунда турган. Сайттагы маалыматка ылайык, Бишкектеги абанын сапатынын индекси 185 болду.

Бир нече жылдан бери World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң булганыч шаарлардын сап башына утур-утур чыгып турат.

Быйыл февралда Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин тегерегиндеги же башкалаанын чок ортосундагы жабдык индексти (AQI) 324 деп берди. Жыл башында - январь айында түнкүсүн бул көрсөткүч 700дөн ашып, ден соолукка өтө кооптуу деген чектен ашкан.

Ошол эле айларда кыргыз өкмөтү соңку эки жылда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапаты жакшырып жатканын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте жолтандабас автобус менен кагылыштыПенсия курагындагылар жалпы мугалимдердин 15,5% түзөрү айтылдыИспанияда эки поезддин кагылышуусунан каза тапкандар 60тан ашты “Кемпир-Абад иши”: Суранованын мамлекеттен кенемте өндүрүү арызы сотто карала баштадыУкраина Орусиянын Тула облусундагы химиялык заводго сокку урду Депутат абактагылар гимн ырдабаганы үчүн жазаланып жатканын айтты