Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Пенсия курагындагылар жалпы мугалимдердин 15,5% түзөрү айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пенсия курагындагы мугалимдер өлкөдөгү жалпы педагогикалык жамааттын 15,5 пайызын түзөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен "Азаттыкка" маалымдашты. Ошол эле учурда өлкө боюнча 588 мугалим жетишпейт.

"Негизинен, математика, физика, тарых, орус тили, информатика предметтеринен мугалимдер жетишпейт. Мугалимдердин жетишсиздиги көбүрөөк аймак Бишкек шаары жана Чүй облусу" деп билдирди министрлик.

Статистикалык маалыматка караганда, өлкөдө мугалимдердин жалпы саны 94 миңге чукул. Анын ичинен мамлекеттик, муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында 86 миңдей, ал эми жеке менчик мектептерде 7 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

Мектептерде пенсия жашындагы мугалимдер ордун бошотпой жаткандыктан жаштарга жумуш жок экени тууралуу көйгөй президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушканда көтөрүлгөн. Жергиликтүү тургундун бул тууралуу маселесине агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жооп берип, мугалимдердин айлык акысы жогорулагандан кийин мектептерде бош орундар үчүн атаандаштык күчөгөнүн белгилеп, бирок пенсия курагындагы мугалимдерди Эмгек кодексинин талаптарына ылайык кызматтан бошотуу кыйын болуп жатканын айткан.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кезекте турган жаш мугалимдерди жумуш менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырган.

Бул маселе коомчулукта кызуу талкууланып, пенсиядагы мугалимдер жаштар айлыктын аздыгынан жумушун таштап, чет өлкөгө кетип жаткан учурда да мектепте эмгектенип келишкенин белгилешти.(KE/ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG