Нетаньяхунун негизги атаандашы –ЦАХАЛдын Башкы штабынын мурдагы башчысы Гади Айзенкоттун партиясына 48 орун, арабдар партиясына 18 орун тийиши ыктымал. 7-октябрдагы кол салуулардан кийинки алгачкы добуш берүү премьердин согуш маалындагы лидерлигине берилген баа катары кабыл алынууда.
Экиге бөлүнгөн коом
Израилдик айрым шайлоочулар өлкө кайрадан саясий туңгуюкка кептелиши мүмкүн деп кооптонсо, башкалары Нетаньяхунун бийликте калышын колдошууда.
Рейтер агенттигинин кабарчысы кепке тарткан Тел-Авивдин тургуну Гил Мелцер төмөнкүдөй ою менен бөлүштү:
"Израилдеги азчылык үчүн бул абдан көңүл чөктүргөн жыйынтык. Кечээги күнгө чейин Израилди өзгөртүүгө болот деп ишенгендер көптөй сезилген эле. Бирок азыркы көрсөткүчтөр жаңылганыбызды көрсөтүүдө. Көпчүлүк израилдиктер өзгөрүүнү каалабайт окшойт. Алар баары мурдагыдай эле кала берсин деп каалашат".
Ал эми Ройбен Куулик өкмөттүн алмашуусуна караганда кайра шайлоо өткөрүүнү артык көрөт:
Салыштырмалуу кубанып турам. Негизи, Нетаньяхунун блогу биринчи орунду ээлейт деп ойлогом. Азыркы маалыматка караганда, алардын катышуусунда жок дегенде убактылуу өкмөт түзүлчүдөй, андыктан мен салыштырмалуу кубанычтамын.
120 орундуу Кнессет же парламентте көпчүлүк түзүү тигил же бул партия эң аз дегенде 61 мандат алууга тийиш.
Бардыгы болуп бул жолу 36 партия ат салышты.
Дээрлик 19 жыл бийликте турган өкмөт башчынын “Ликуд” партиясына башкы атаандаш болуп ЦАХАЛдын (Израилдин куралдуу күчтөрү) мурдагы командачысы, “Яшар” партиясынын лидери Гади Айзенкот чыккан.
Шайлоо алдындагы сурамжылоолор Нетаньяхунун оңчул коалициясы да, Айзенкот жетектеген оппозиция да өз алдынча өкмөт түзө албай турганын көрсөтүп келген. Азыркы эсептер бул божомолду негизинен ырастап жатат.
Нетаньяхунун сынчылары аны 2023-жылдын 7-октябрындагы ХАМАСтын (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) кол салуусун алдын ала токтото алган эмес деп сындашса, өкмөт башчы бул дооматтарды четке кагууда.
Айзенкот шайлоо өнөктүгү маалында ХАМАСтын Газа тилкесиндеги бийлигин аскердик жана дипломатиялык жолдор аркылуу токтотууга аракет кыларын айтып келген.
2023-жылдын 7-октябрында болгон ХАМАС тобунун чабуулдарынан, андан кийин тутанган Газа, Ливан жана Иран согуштарынан берки алгачкы шайлоого катышкандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти.
Араб партиялары негизги оюнчуга айланышы мүмкүн
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Израилдин араб партиялары Кнессетте 18 орунга ээ болушу мүмкүн. Бул алардын акыркы жылдардан берки эң күчтүү көрсөткүчтөрүнүн бири болмокчу.
Израил калкынын болжол менен бештен бир бөлүгүн түзгөн араб шайлоочуларынын активдүүлүгү кескин өскөнүн жергиликтүү медиа белгилейт. Ошондуктан, өкмөт түзүү сүйлөшүүлөрүндө араб партиялары чечүүчү күчкө айланышы мүмкүн.
Бирок оппозициялык көпчүлүк жөөт партиялары шайлоо өнөктүгү маалында араб партиялары менен коалиция түзүүгө даяр эместигин билдиришкен. Ошол эле маалда Нетаньяхуга да көпчүлүккө жетиш үчүн майда партиялардын бирин өз тарабына тартууга туура келмекчи.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Израилдеги шайлоо: Араб партиялары чечүүчү күчкө айланабы?
Палестиналыктардын реакциясы
Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Хеврон шаарынын айрым тургундары шайлоодон кийин өзгөрүү болушуна үмүттөнүшкөнү менен, анын өз жашоолоруна олуттуу таасир этерине ишенишпейт.
Өзгөрүүлөр болот деп үмүттөнгүбүз келет, бирок Израилде жаңы өкмөт келсе, көп нерсе деле өзгөрбөйт. Алар арабдарды өз жеринен, өз өлкөсүнөн сүрүп чыгарууну көздөгөн ошол эле саясатты жүргүзүшөт, - деп айтат Жамал ал-Жаабари.
Ал эми Эсса Амро Нетаньяху жетектеген дагы бир өкмөт "согуштардын жана жайкын тургундардын өлүмүнүн көбөйүшүнө" алып келиши мүмкүн деп эсептейт. Ал ошондой эле Израилдин араб жарандарынын шайлоого активдүү катышканын кубаттады.
Газа тилкесинде жашагандар да Израилдеги шайлоонун жыйынтыктарына жакындан байкоо салып турганы менен, өнөктүк алардын абалын жакшыртууга чоң өзгөрүүлөрдү алып келет деген үмүт аз.
Айрым талдоочулар белгилегеней, эгер өкмөттү кайрадан Нетаньяху жетектеп калса, Палестина саясаты олуттуу өзгөрөрү күмөн. Демек, Газа тилкесиндеги аскердик операциялар уланышы, Иордандын батыш жээгиндеги жөөт конуштарын кеңейтүү саясаты сакталышы, Палестина мамлекетин түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө артыкчылык берилбей калышы мүмкүн. Коопсуздук маселеси Израил өкмөтүнүн башкы приоритети бойдон калмакчы.
Гади Айзенкотту палестиналыктар үчүн салыштырмалуу жумшагыраак талапкер катары көргөндөр бар. Бирок ал дагы коопсуздук жаатындагы катаал саясат улантышы мүмкүн. Израил армиясынын Газадагы аракеттерине байланыштуу чоң өзгөрүү болбосо да, дипломатиялык сүйлөшүүлөргө көбүрөөк көңүл бурулушу ыктымал.