Тажик бийлиги Рогун ГЭСиндеги окуяга резервуардын жарылышы себеп болгонун маалымдады

Рогун ГЭСинин курулушу. Солдо соцтармактын колдонуучусунун баракчасынан, оңдо медиадан алынган сүрөттөр. 27-октябрь, 2026-жыл

Курулуп жаткан Рогун ГЭСинин тоннелдеринин биринде болгон окуяга техникалык суу чогулган резервуардын жарылышы себеп болгонун Тажикстандын Өнөр жай жана тоо-кен тармагындагы коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 21-октябрда саат 16:15 чамасында курулуштун төртүнчү катмарындагы «Б» тилкесинде цемент салуу иши жүрүп жаткан учурда болгон.

Резервуар жарылгандан кийин ичиндеги техникалык суу тоннелде иштеп жаткан Sino Hydro компаниясынын жумушчуларын карай аккан.

Расмий маалыматка караганда, үстүңкү резервуар жарылгандан кийин төмөнкү суу өткөрүүчү резервуар да жабыркаган. Натыйжада суу бир убакытта адамдар иштеп жаткан тоннелдин төмөн жагына аккан.

Көзөмөл кызматы жумушчулар жаракат албаганын билдирди. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин кайра ишке кайтышканы айтылды.

Окуянын жагдайларын тактоо жана мындай учурлардын алдын алуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Адистер резервуарлардын техникалык абалын, жабдууларды жана өндүрүштөгү коопсуздук талаптарынын сакталышын текшерүүдө.

27-октябрда «Озоди» радиосу Рогун ГЭСинин тоннелдеринин бириндеги окуянын видеосун жарыялаган. Коопсуздук себептеринен улам аты-жөнүн атагысы келбеген күбөлөр окуя 22-октябрда болгонун жана бештен ашык жумушчу жабыркаганын билдиришкен. Ал учурда бийлик өкүлдөрү расмий комментарий бере элек болчу.

Рогун ГЭСинин кызматкерлеринин бири окуяны «кокустук» деп атап, анын курулуштун сапатына тиешеси жок экенин айткан. Бирок ал жабыркагандар тууралуу маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Расмий маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын алгачкы алты айында Тажикстандын өнөр жай жана тоо-кен ишканаларында 32 кырсык катталып, анын кесепетинен 23 адам каза болуп, дагы 19у жаракат алган. Каза болгондордун арасында Рогун ГЭСинин курулушунда иштеген үч чет өлкөлүк жаран, анын ичинде эки Кытай жана Ирандын бир жараны бар.

Рогун ГЭСи Вахш дарыясына курулуп жатат. Долбоор аяктагандан кийин бийиктиги 335 метрге жеткен дамба дүйнөдөгү эң бийик дамба болот деп күтүлүүдө. Станциянын ар бири 600 мегаватт кубаттуулуктагы алты агрегаты болот. Учурда эки агрегат иштеп жатат, үчүнчү агрегатты 2027-жылдын сентябрында ишке берүү пландалууда.

Тажик бийлиги станциянын курулушун 2035-жылга чейин бүтүрүүнү көздөөдө. Долбоор өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени Тажикстан күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгынан жапа чегип келет.

Дагы караңыз

Испанияда эки поезддин кагылышуусунан каза тапкандар 60тан ашты "Кимдир бирөөгө басым көрсөтүү ниетим жок". Президенттик шайлоодо тең атаандаштык болобу?