Совет доорунда түзүлгөн дүйнөдөгү эң бийик дамбаны куруу планын жүзөгө ашыруу ушул айда дагы бир кадам илгериледи. Анткени эл аралык каржы институттары Тажикстандагы Рогун ГЭСинин долбооруна колдоону көбөйттү.
Октябрдын башында Душанбе Дүйнөлүк банктын 300 миллион долларлык грантын ратификациялады. Андан кийин Азия өнүктүрүү банкы Рогун ГЭСинин курулушуна кошумча 500 миллион доллар бөлүшү мүмкүн экени тууралуу маалымат тарады.
Италиядагы Бергамо университетинин география боюнча профессору Филиппо Менга "Азаттыкка" каржылоо тууралуу соңку жаңылыктар долбоор сөзсүз аяктайт дегенге кепилдик бербей турганын айтты. Бирок адис белгилегендей, ири өнүктүрүү банктары өздөрүнүн аброюн Рогун менен байланыштырып жаткандыктан, "каржылык жана саясий жактан алганда бул долбоорду токтотуу абдан кыйын болуп калды".
Рогун дамбасынын бийиктиги 335 метрге жетип, Париждеги Эйфел мунарасынан да бийик болот. Ал Душанбе шаарынан чыгышты карай 100 чакырым жердеги Вахш дарыясынын кууш капчыгайын тосуп турат.
Бул гидроэнергетикалык станция Тажикстандын электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн эки эсеге көбөйтүп, коңшу өлкөдө көп жылдан чечилбей келген кышкы электр тартыштыкты жоюуга жана ашык электр энергиясын экспорттоого шарт түзүшү мүмкүн.
Ошондой эле бул ири дамбанын суу сактагычы толтурулганда 50 миңден ашуун адамды көчүрүүгө алып келет. Суу көтөрүлгөн сайын дарыянын жогору агымындагы бир нече айылды суу басып калат.
Вахш өрөөнү: Рогун ГЭСинин суу сактагычынын картасы
Суу сактагычтын масштабын көрүү үчүн ар бир этапты басыңыз.
Рогун шаарынын жанындагы айылдардын биринде жашаган Муким Хасанов июнь айында «Азаттыктын» тажик кызматына ошол тапта көчүүнү күтүп жаткан он миңдеген тургундун бири экенин айткан.
75 жаштагы дыйкан үй-бүлөсүнө дамбадан алыс жактан жер тилкеси бөлүнүп берилгенин, бирок инфляциянын айынан бир нече жыл мурда убада кылынган кенемте эч нерсени жаппай калганына капаланган.
"Биздин үй-жайыбызды жана мүлкүбүздү баалаган маалда жагдай таптакыр башкача эле. Анда курулуш материалдарынын баасы да башка болчу", - деди. "Азыр баары абдан кымбат. Мисалы, ал кезде тактайдын баасы 50 сомонидей (болжол менен 5,4 доллар) болсо азыр 150 сомониге (болжол менен 16,3 долларга) чыкты".
Рогун суу сактагычы курула турган аймактан мурда көчүрүлгөн көптөгөн тургундар Душанбе шаарынын четиндеги Рогунён конушуна отурукташкан. Алардын айрымдары эгин өстүрүү үчүн убада кылынган жер тилкелери берилбей калганына нааразы.
Ал эми кээ бирлери жаңы конуштагы жашоого "100 пайыз канааттанарын" айтышат. "Эч кандай маселе жок", - деди Таваккал Шамсуллоев. "Жолдорду оңдоп, электр энергиясын тартып беришти".
Рогун дамбасынын курулушуна каршы көз караштагылардын пикиринде, эгер дамбанын бийиктиги 35 метрге төмөн курулса болжол менен 32 миң адамды көчүрүүнүн зарылдыгы жаралмак эмес.
«Чек арасыз дарыялар» (Rivers Without Boundaries) деп аталган жаратылышты коргоо коалициясынын координатору Евгений Симонов "Азаттыкка" берген маегинде Душанбе дүйнөдөгү эң бийик дамба куруу макамын өлкө үчүн "ыйык пирамидага окшогон улуттук сыймыктанчу долбоор" сымал көрөрүн белгилейт.
Душанбе дамбаны рекорддук ченде бийик курууну башка төмөнүрөөк варианттарга салыштырганда "экономикалык жана экологиялык жактан артыкчылыкка ээ" деп мүнөздөйт.
Мындай сунуш Дүйнөлүк банктын баяндамаларында да колдоо тапкан.
Рогун дамбасынын долбоору алгач Советтер Союзу маалында иштелип чыгып, анын курулушу 1976-жылы башталган. Бирок СССР ыдырап, андан кийин Тажикстанда жарандык согуш тутанганда долбоор токтоп калган.
Эгемендикке ээ болгондон кийин Тажикстан долбоорду кайра жандандырууга аракет кылган. Бирок алгачкы этапта буга дамбанын төмөн жагында жайгашкан Өзбекстан караманча каршы чыккан.
Өзбекстандын ал кездеги президенти Ислам Каримов Рогун дамбасын «акылга сыйбаган долбоор» деп атаган. Ал коопсуздукка байланыштуу тынчсыздануусун жана Тажикстан Өзбекстанды көздөй аккан сууну каалаган учурда тосуп, саясий кысым көрсөтүүчү куралга айлантышы мүмкүн деген кооптонууну жүйө келтирген.
Өзбекстандын Рогун дамбасына каршы позициясы 2016-жылы Ислам Каримовдун көзү өткөндөй кийин өзгөргөн. Кийинки жылы Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов Тажикстанды дамбаны "кура берүүгө" ачык чакырып, ошол эле учурда сууну пайдалануу боюнча кепилдиктерди камсыздоону белгилеген.
Курулуш ошол эле жылдын аягында кайра жанданган, бирок объект өтө татаал экени аныкталган. Бир катар техникалык баяндамаларга ылайык, дамбанын жогору жагында жайгашкан туурасы бир нече метрлик туз аралашкан жар суу сактагычта суунун көлөмү көбөйгөн сайын эрип кетүү коркунучун жараткан. Ошондой эле дамбанын сейсмологиялык жактан активдүү аймакта жайгашканы суу сактагычтын таасиринен ыктымал пайда болчу жер титирөөнүн тобокелдигин күчөткөн.
Мындан тышкары долбоор боюнча совет доорунда аткарылган курулуш иштерин заманбап коопсуздук талаптарына шайкеш келтирүү үчүн бир топ нерсени кайра куруу зарыл экени аныкталган.
Долбоордо иштеп жаткан италиялык ири инфраструктуралык компания Webuild курулуштун техникалык жагдайлары боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок 2014-жылкы баяндамада совет мезгилинде аткарылган курулушта "олуттуу оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарыл болгондугу" белгиленген.
Рогун дамбасы үйүлгөн топурак-таштардан курулууда. Сууну оңой менен өткөрбөй турган чопо катмар кынаптап тизилип, эки тарабынан таш толтурулган конструкциялар менен бекемделет.
Дамбанын мындай салыштырмалуу ийкемдүү түрү жарылып кетүү коркунучу бар бетон дамбаларга караганда жер титирөөгө жакшыраак туруштук бере алат деген негизде тандалган.
Учурда ГЭСтин турбиналарынын экөө ишке киргизилген. Жалпысынан алты энергоблоктун үчүнчүсү 2027-жылы пайдаланууга берилет деп пландалууда.
Борбор Азиядагы суу саясаты боюнча китептин автору Менга дамбаны дагы болжол менен 145 метрге көтөрү иши турганын, долбоордун аякташы үчүн Тажикстандын Борбор Азиядагы коңшуларынын саясий колдоосу керектигин белгилейт. Мунун баарын эске алганда, "Рогундун бүтүшү мурдагыга караганда бир топ эле ыктымал. Бирок курулушту толук бүтүрүүгө чындап кепилдик бар деп айтуу аша чапкандык болот".
Тажик өкмөтүнүн эсебине ылайык, Рогун ГЭСинин долбоорун аягына чыгаруу үчүн дагы болжол менен 5,8 миллиард доллар керек. Бул акчанын негизги бөлүгү мамлекеттик бюджеттен каржыланмакчы.
Долбоорду толук бүтүрүү 2035-жылга пландалган.