Ошто 1-курстун студенттерин сабоого шектелип үч өспүрүм кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош Техноголиялык университетине караштуу коллеждин үч студенти Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 1-курсунун эки студентин сабоого шектелип кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) маалымдагандай, 28-октябрда социалдык тармактарда белгисиз жарандардын бир адамды уруп жатканы тартылган видео тараган. Шаардык милиция окуянын кайда болгонун жана андагы адамдарды тактап, жыйынтыгында ОшТУга караштуу коллеждин 1-курсунун студенттерин кармаган.

"Тергөө кызматынын баштапкы маалыматына караганда, 27-октябрь күнү шектүүлөр Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 1-курсунун эки студентин аталган окуу жайдын спорт аянтчасына жакын жерде токмоктошкон. Учурда окуя боюнча ар тараптуу иликтөөлөр башталды, жабырлануучулардын алган жаракатын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдирди ШИИБдин басма сөз кызматы.

Милиция шектүүлөрдөн башка жабыр тарткандар болсо, Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырган.

Мектептердеги, кесиптик жана жогорку окуу жайлардагы чоңсунуу токтобой жатканы тууралуу коомчулукта байма-бай айтылып келет.

Президент Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун жашоочулары менен жолугушууда өспүрүмдөр арасында чоңсунууга жол берилбесин, мындай окуяларга катышы бар балдарга катуу жаза көрүлөрүн эскерткен.

17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон. Тергөөдө кылмышка шектүү катары 17 жаштагы эки бала кармалып, 17-ноябрга чейин камакка алынган.

18-сентябрда Чаткал районунда 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучуларынын зомбулугунан көз жумган. 17 жаштагы төрт өспүрүм кармалып, соттун чечими менен 19-ноябрга чейин камакка алынган.

Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 101 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 14кө көп. (ZKo)

Дагы караңыз

Тажик бийлиги Рогун ГЭСиндеги окуяга резервуардын жарылышы себеп болгонун маалымдады Израилдеги шайлоо: Палестина үчүн эмне өзгөрөт?Израилдеги шайлоо: Араб партиялары чечүүчү күчкө айланабы?Чикагодогу кыргыздар: "Мексика менен келгениме өкүндүм”Атага сагынычын китепке айланткан Роза Айтматова