Чикагодогу кыргыздар: "Мексика менен келгениме өкүндүм”
АКШга Мексика аркылуу жеткен кыргызстандыктардын айрымдары Америка кыялын орундатууга аракет кылып, жаңы жашоо баштаса, башкалары миңдеген доллар карызга батып, айлап иммиграциялык кармоо борборлорунда отурууга же мекенине кайтууга аргасыз болушту. Алардын айрымдары Орусиядагы согуштан жана мобилизациядан качып, Кошмо Штаттардан коопсуз жашоо издешкен. Америка кыялына жетүү үчүн алар кандай сыноолордон өттү? «Азаттыктын» кабарчылары АКШда жашаган мекендештерибиз менен жолугуп, алардын окуяларын угуп келишти.
Шерине