"Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын жетекчиси алмашты

Мэр Айбек Жунушалиев автобус айдоочулары менен жолугушууда. 28-октябрь, 2026-жыл.

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Артур Омурзаков дайындалганына бир жумага жетпей кызматтан бошотулду. Анын ордуна Бактияр Болотбеков дайындалды.

Жаңы жетекчини 28-октябрда калаа башчысы Айбек Жунушалиев транспорт ишканасынын кызматкерлери жана айдоочулар менен чогуу жыйын өткөргөн учурда тааныштырды. Жыйында мэр жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана кадр жетишсиздиги маселесин чечүү зарылдыгын белгиледи.

"Биз жаңы автобустарды сатып алып, жакында эле автобус паркын толуктадык. Бирок силер ушундай айдап, транспортко ушундай мамиле кыла берсеңер, жакында автобустар калбай калышы мүмкүн," - деди Айбек Жунушалиев.

Ошондой эле шаар башчысы айрым айдоочулардын жумуш убактысы өтө узак болуп жатканы тууралуу маалыматтарды текшерүүнү тапшырды. Келип түшкөн маалыматтарга ылайык, айрым айдоочулар айына 100–140 миң сом өлчөмүндө эмгек акы алуу үчүн эртең мененки саат 07:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин иштеп жатышат. Бул маалыматтарды текшерүү жана эмгек менен эс алуунун белгиленген режиминин сакталышын камсыз кылуу милдети коюлду.

23-октябрда кызматка дайындалган Артур Омурзаковдун иштен алынуусу акыркы күндөрү автобустардын катышында жол кырсыктарынын көбөйгөн учуруна туш келди.

15-октябрда №38 автобус Лермонтов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде алты автоунааны сүзгөн. Кырсыктан төрт адам жабыркаган.

23-октябрда №166 автобустун катышуусунда дагы бир ири жол кырсыгы болгон. Автобус бир нече жеңил унаа менен кагылышып, төрт адам, анын ичинде эки жашы жете элек өспүрүм жабыркаган.

27-октябрда Бишкектеги Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде автобус жолдон тротуарга чыгып, жөө адамдарды сүзүп кете жаздаганы тартылган тасма соцтармактарга тараган.

28-октябрда Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Сухомлинов көчөсүнүн кесилишинде электробус жолтандабас унаа менен кагылышып, бир нече адам жаракат алган. (ZKo)

Дагы караңыз

Бразилияда шайлоодо утулган Болсонару АКШга барып, өзүн "мыйзамдуу президентмин" деп атады ИИМ Мадумаровго кол салуу болгону тууралуу маалыматты четке кактыОшто 1-курстун студенттерин сабоого шектелип үч өспүрүм кармалдыТажик бийлиги Рогун ГЭСиндеги окуяга резервуардын жарылышы себеп болгонун маалымдады Атага сагынычын китепке айланткан Роза Айтматова