Бишкек шаарында 29-октябрда эртең менен абадагы адамдын ден соолугуна зыяндуу PM2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы нормадан ашканы катталды. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Ага ылайык, 29-октябрда саат 8:00дө абанын булганышынын эң жогорку көрсөткүчү Ысык-Ата районунда катталып, PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы нормадан 1,41 эсе жогору болгон.
Аламүдүн районунда норма 1,27 эсе, Бишкектин Свердлов районунда 1,21 эсе ашык болгон.
PM2.5 - булганган абанын курамында кездешет, көлөмү кичине болгондуктан дем алуу жолдоруна терең кире алат. Бул бөлүкчөлөр балдарга, улгайган адамдарга жана дем алуу органдарынын оорулары бар жарандарга өзгөчө коркунуч туудурат.
Адистер абанын булганышы күчөгөн мезгилде сыртта узак убакыт күч келтирген иштерди жана машыгууларды чектөөнү айрыкча тобокелдик тобундагы адамдарга сунушташат.
Күн суукташы менен Бишкек кайрадан дүйнө жүзүндөгү абасы булганыч шаарлардын башына чыга баштады. 29-октябрда саат 12:30га карата Бишкек World Air Quality рейтингинде абасынын булганышы боюнча Лахор, Каир жана Делиден кийинки 4-орунда турду.
Сайттын маалыматына караганда, борбор калаадагы абанын сапат индекси «ден соолукка зыяндуу» категориясындагы (AQI) 206га жетти. Бул абанын сапаты ден соолукка зыяндуу дегенди түшүндүрөт. Маалымат реалдуу убакыт режиминде жаңыланып турат.
Бир нече жылдан бери World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң булганыч шаарлардын сап башына утур-утур чыгып турат.
Быйыл январь айында Бишкектеги аба сапатынын индекси 700дөн ашып, ден соолукка өтө кооптуу деген чектен ашып кеткен.
Ошол эле айларда кыргыз өкмөтү соңку эки жылда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапаты жакшырып жатканын билдирген. (ZKo)