Транспорт министрлиги карга байланыштуу ашууларда жолдор тайгак болорун эскертти

Тоолордогу жолдорго кум-шагыл себүү. 29-октябрь, 2026-жыл.

Тоолуу жолдорго кар жаап, кум-шагыл себилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29-октябрь күнү таңга жуук Бишкек-Ош жолунун 125-139-чакырым аралыгында кар жааган.

Автоунаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо максатында жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго кум-туз аралашмасын себишти.

Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап жатканы эскертилди. Бул жакта да жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго кум-шагыл сээп жатышат.

Ашууларда жол ачык, машине каттамы камсыздалган.

Министрлик айдоочуларга тоолуу аймактарда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдор тайгак болушун эскертип, сапарга чыгар алдында автоунаанын техникалык абалын текшерип, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну сунуштоодо. (ZKo)

Дагы караңыз

Бишкектин абасында зыяндуу PM2.5 бөлүкчөлөрү нормадан ашты Акыйкатчынын жардамы менен Ноокенде 66 жаштагы жаранга пенсия чегерилди Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыгынан 572 адам каза болдуТүркмөнстанда күч органдары жардам тууралуу видеолорду соцтармактардан өчүрүүнү талап кылууда Тажик бийлиги Рогун ГЭСиндеги окуяга резервуардын жарылышы себеп болгонун маалымдады