Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин Жалал-Абад облусунун 66 жаштагы тургунуна пенсия дайындалды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, Н.М. аттуу жаран үч жылдан бери зарыл документтерди чогулта албай, пенсияга чыга албаганын билдирип, акыйкатчыга кайрылган. Ал аскердик билети жоголуп кеткенине жана эмгек тажрыйбасы жетишсиздигине байланыштуу пенсия дайындоодон баш тартышканын билдирген.
Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кайрылуунун негизинде Ноокен райондук Социалдык фонд башкармалыгына, райондук мамлекеттик администрацияга жана райондук аскер комиссариатына расмий кат жөнөткөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандын жалпы эмгек тажрыйбасы 3 жыл, 1 ай, 17 күн экени аныкталган, ал эми "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдын 9-беренесине ылайык, пенсия дайындоо үчүн кеминде алты жылдык камсыздандыруу тажрыйбасы талап кылынат.
Райондук аскер комиссариаты жарандын аскердик кызматка кеткени тууралуу маалымат бар экенин, бирок кызматтан бошотулганы жана кайтып келгени жөнүндө маалыматтар жок болгондуктан, жарандын аскердик кызмат өтөгөн мезгили камсыздандыруу тажрыйбасына кошулбаганын билдирген.
Мындан тышкары арыз ээси үлүш жеринин камсыздандыруу төгүмдөрү төлөбөгөндүктөн, Социалдык фонддун адистери жаранга тиешелүү төгүмдөрдү төлөө тартибин түшүндүрүшкөнү айтылган.
"Жаран карызын төлөгөндөн кийин пенсия дайындоо маселеси мыйзамда белгиленген тартипте кайра каралган. Ноокен райондук Социалдык фонд башкармалыгынын маалыматына ылайык, ага пенсия 2026-жылдын 8-октябрынан тартып эсептеле баштады", - деп билдирди Акыйкатчы институту.
Акыйкатчы институтуна пенсия маселеси менен жыл башынан берки тогуз айда 15 кайрылуу келип түшкөн.
Кыргызстанда 1-октябрдан тартып эң аз пенсия 8 800 сом болду. Былтыр эң аз пенсия 7 100 сом болгон.
Кыргызстандын Конституциясынын 44-беренесине ылайык, “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам жашоо минимумунан төмөн болбошу керек”. (ZKo)
Шерине