Ооганстанды башкарган "Талибан" бийлиги үйлөнүү үлпөттөрүндө, майрамдарда жана башка салтанаттуу иш-чараларда фейерверк колдонууга тыюу салды. Чектөө пиротехникалык каражаттарды өндүрүүгө, импорттоого, сатууга, сатып алууга жана таратууга да тиешелүү.
Бул тууралуу Pajhwok маалымат агенттиги 27-октябрда "Талибан" өкмөтүнүн Жакшылыкты жайылтуу жана жамандыктын алдын алуу министрлигинин билдирүүсүнө таянып жазды.
Министрлик бул чечимди пиротехникалык каражаттар адамдардын коркуусуна, тынчсыздануусуна жана психологиялык ыңгайсыздыгына себеп болору менен түшүндүргөн.
Мекеменин билдирүүсүндө майрамдык иш-чаралар ислам нормаларына жана шарият принциптерине ылайык өткөрүлүшү керектиги белгиленген. Ошондой эле мындай иш-чаралар балдарды, аялдарды, улгайган адамдарды, бейтаптарды жана башка жарандарды чочутпашы керектиги айтылган.
"Талибан" өкмөтү өлкө тургундарын жана ишкерлерди тыюуну сактоого чакырып, аны бузгандарга мыйзам жана шариат нормаларына ылайык чара көрүлөрүн эскертти. Бирок кандай жаза колдонулары ачыкталган жок.
Буга чейин Ооганстандын айрым шаарларында фейерверк жана петарда колдонууга түнкү саат 21:00дөн таңкы 07:00гө чейин тыюу салынган. Эми чектөө толук киргизилип, өлкө боюнча бардык салтанаттуу иш-чараларга тиешелүү болот.