Днепрде Орусиянын жарандык поездге соккусунан 13 адам каза болду, 10дон көбү жарадар

Днепр. 29-октябрь, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 29-октябрда күндүз Украинанын Днепр шаарында темир жол бекетине сокку уруп, 13 адам каза болду. Бул тууралуу Днепропетровск облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжа билдирди.

Анын айтымында, 10дон ашык киши жаракат алды.

Днепрдин мэри Борис Филатовдун маалыматына караганда, сокку жүргүнчүлөрдүн ылдам жүрүүчү поездине тийген.

"Көп адам каза болду. Жарадарлар абдан көп", - деп жазды ал.

Жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатат.

Украинанын темир жол компаниясынын маалыматына караганда, реактивдүү дрон № 866 Днепр – Запорожье багытындагы поезд турган платформаларынын бирине тийген.

Орусия 29-октябрга караган түнү Украинага 112 дрон менен чабуул койгон. Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, чабуул 28-октябрдын кечинде башталган. Дрондор Орёл шаарынан, Ростов облусундагы Миллероводон жана Орусия көзөмөлдөгөн Донецкиден учурулган.

Жалпысынан жети жерде сокку тийген учурлар катталып, дагы беш жерде дрондордун сыныктары кулаган.

Ровно облусунун Сарны районунда орусиялык дрон жарандык ишканага тийди. Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ковалдын айтымында, анын кесепетинен бир адам каза болуп, ишкананын аймагында өрт чыккан.

Түнү Днепр шаарында дрондун соккусунан бир ишканага зыян келтирилген, 35 жаштагы жергиликтүү тургун жаракат алды. Днепропетровск облустук аскердик администрациясы Никопол районунда административдик имарат, инфраструктура объектиси жана көп кабаттуу турак үйгө, Синельников районунда жүк ташуучу машинеге зыян келтирилгенин билдирген.

Харьков шаарында дрондор бир нече районго сокку урган. Шаар мэри Игор Тереховдун айтымында, түнкү саат 03:00 чамасында Холодногорск районуна сокку тийип, өрт чыккан. Кийинчерээк дрон Салтов районундагы билим берүү мекемесинин имаратына тийген. Эртең менен Индустриалдык районго да дрондордун чабуулу болгону кабарланган.

Дагы караңыз

Июнь окуясы: Жогорку сот Исмаил Исаковго козголгон кылмыш ишин кыскарттыОлешкиде атышпоо режими сакталып жатканы айтылды Москвага 600дөн ашуун дрон менен чабуул болду. Аэропорттор ишин токтотту