Согушта каза болгон орус аскерлеринин кеминде 285 миңинин аты-жөнү такталды

Орусия Украинага каршы согуш баштагандан бери өлкө аймагында көптөгөн жаңы көрүстөндөр ачылган. Иллюстрация.

Би-би-си корпорациясы, «Медиазона» онлайн басылмасы жана ыктыярчылар тобу биргелешип Украинадагы согушта каза болгон орусиялык аскерлердин кеминде 285 023үнүн аты-жөнүн аныктаганын билдирди. Алардын маалыматына караганда, эң көп жоготууга орус армиясынын мотоаткычтар бөлүктөрү дуушар болгон.

Изилдөөчүлөрдүн эсебинде, 2023-жылдын экинчи жарымынан тартып чабуул операцияларынын негизги жүгүн дал ушул мотоаткыч бөлүктөр көтөрүп калган. Буга чейин фронттогу эң оор чабуулдарга көбүнчө жалданма аскерлердин «Вагнер» жеке компаниясынын жоочулары катышкан.

Авторлор ачык булактарга таянуу менен түзүлгөн тизме орус армиясынын чыныгы жоготууларынын 45-55 пайызын гана түзөрүн айтууда. Донецк жана Луганск аймагындагы орусиячыл күчтөрдүн, ошондой эле орус тарапта согушкан Түндүк Кореянын жоокерлеринин жоготуулары кошулса, жалпы 541 миңден 659 миңге чейинки сан болушу мүмкүн.

Украина акыркы жолу 2026-жылдын июль айында өз жоготуулары тууралуу маалымат берип, президент Владимир Зеленский согушта «50 миңдей» украиналык аскер каза болгонун билдирген. Бирок талдоочулар бул көрсөткүч мындан жогору болушу мүмкүн деп эсептешет.

Дагы караңыз

Аскат акын: "Токтогул көргөндү мен да көрдүм" Борбор Азияда электрди керектөө үч жылда 27% өсүшү мүмкүн экени айтылды"Тоскоолдук азаюуда, бирок толук жоюла элек". ЕАЭБдеги эркин соода убадасы Кыргызстанда электр жарыгын керектөө бир жылда 29,1% көбөйдү