“Кыргызстан улуттук электр тармагы” (КУЭТ) ишканасы 2026-жылы өлкөдө электр энергиясын керектөө 2025-жылга салыштырмалуу 29,1% көбөйгөнүн билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр 30-октябрда калк бир суткада 51 млн 132 миң кВт/саат электр жарыгын колдонсо, быйыл 30-октябрда ал 66 млн 22 миң кВт/саатка жетти.
Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн 4,1 млрд кВт/саат электр жарыгы импорттолот.
Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү толук жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)
Шерине