Акыркы жылдары Кыргызстанда автоунаа жолдорун салууга 60 млрд сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарада айтты.
Ал мурда жол тармагына жылына болжол менен 2 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келгенин билдирди. Расмий маалымат боюнча, бул тармакка 2010-2020-жылдар аралыгында 648 техника алынган болсо, 2022–2026-жылдары 1 344 жаңы техника сатып алынган.
Адылбек Касымалиев 2025-жылы 1 545 чакырым жол асфальтталса, 2026-жылы 1 700 чакырымдан ашарын билдирди.
30-октябрда Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өткөн иш-чарада Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы сатып алынган элүүдөн ашык атайын техниканын ачкычы тапшырылды.
Президент Садыр Жапаров алдыдагы жылдарда жайлоолорго барчу жолдорго да асфальт төшөлөрүн айткан. Коомчулукта жана Жогорку Кеңеште айрым депутаттар жаңы салынган жолдордун сапаты начар болуп, бат эле иштен чыгып калып жатканы тууралуу сын айтылып келет. (BTo)
Шерине