Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Эмгек баатыры”, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев I даражадагы “Манас” ордени менен, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышты.
Жарлыкта сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын эгемендигин белгилөөгө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн берилгени айтылат.
Мындан тышкары бир катар адамдарга “Даңк” ордени, “Ардак” медалы берилген.
31-август 1-сентябрь күндөрү Бишкекте ШКУнун 25 жылдыгына арналган мааракелик саммит өткөн. Ал эми VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта жаңы курулган “Бишкек аренада” өтүп, оюндар алты күнгө созулуп, жабылыш аземи 6-сентябрдын кечинде Чолпон-Ата шаарында болгон. (BTo)
Шерине