Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Дүйнө чемпионаты: Мээрим Жуманазарова күмүш медал алды

Мээрим Жуманазарова.
Мээрим Жуманазарова.

29-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн (68 кг чейин) күмүш медал алды. Кыргызстандык спортчу алтын үчүн беттеште Кытайдын өкүлү Жиа Лонг менен кез келип, 3:4 эсебинде жеңилди.

Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда индиялык балбан кыз Сришти Сриштини 5:1, чейрек финалда америкалык Кеннеди Алексис Блэйдсти 6:3 эсебинде утту. Жарым финалда Монголиянын балбаны Энхсайхан Делгерманы 5:1 менен жеңип, финалга чыккан.

26 жаштагы Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону (2026-ж. 2022-ж.). Ал ошондой эле Азия чемпионатынын бир жолку күмүш (2022-ж.), эки жолку коло байгесинин ээси (2018-ж., 2019-ж.). 2021-жылдагы Дүйнө чемпиону. Жайкы Олимп оюндарынын күмүш (Париж-2024) жана коло (Токио-2021) байгелеринин ээси. Жаштар арасында Азиянын үч жолку чемпиону. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону. Кадеттер (2016-ж.) жана жаштар арасында (2017-ж.) Дүйнө чемпионаттарынын коло байгелерин алган. Бир нече эл аралык рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.

Астана шаарында 24-октябрда башталган чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 1-ноябрга чейин уланат.

Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов (82 кг чейин) жана Амантур Исмаилов (72 кг чейин) коло байге алган. (BTo)



Шерине

​
XS
SM
MD
LG