2030-жылга чейин Борбор Азия өлкөлөрүндө электр энергиясына болгон суроо-талап 27% көбөйүшү мүмкүн. Мындай божомолду Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) Тармактык талдоо борборунун жетекчиси Арман Ахунбаев 29-октябрда өткөн «Чек арасыз энергия: Борбор Азиянын энергетикалык байланыш архитектурасы» аттуу баяндаманын онлайн-презентациясында айтты.
Анын белгилешинче, буга электр энергиясын керектөөнүн өсүшү өнөр жайдын өнүгүшү, жаңы ишканалардын ачылышы, шаарлардын кеңейиши жана экономиканын санариптешүүсү себеп болот, ошондуктан энергетикалык инфраструктураны азыртан даярдоо зарыл. Болбосо, Ахунбаевдин айтымында, электр энергиясынын тартыштыгы аймактын экономикалык өнүгүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн.
ЕАӨБдүн адистери көйгөйдү жаңы электр станцияларын куруу менен гана чечүү мүмкүн эмес экенин белгилешет. Бул үчүн электр өткөрүүчү тармактарды жаңылоо, энергияны сактоо системаларын өнүктүрүү жана резервдик кубаттуулуктарды түзүү да талап кылынат.
Мындан тышкары, аймак өлкөлөрү 2035-жылга чейин жалпы кубаттуулугу 35 гигаваттан ашкан күн жана шамал электр станцияларын курууну пландап жатышат. Эксперттердин пикиринде, мындай объекттерди энергосистемага интеграциялоо үчүн электр тармактарын модернизациялоо жана өлкөлөрдүн ортосундагы координацияны күчөтүү зарыл.
Банктын быйыл март айында жарыяланган баяндамасында Борбор Азияда электр энергиясын керектөө 2030-жылга чейин 40% өсөрү болжолдонгон. Анда айрым энергетикалык инфраструктуранын эскириши 70% чейин жетери да белгиленген.
Шерине