Дүйнөдөгү эң ири криптовалюта биржаларынын бири болгон Binance хакердик чабуулга кабылды. Reuters агенттиги 30-октябрда жазгандай, баштапкы баалоолор боюнча келтирилген зыяндын көлөмү 6,3 млрд долларга жетиши мүмкүн. Эксперттер бул окуя криптовалюта тарыхындагы эң ири уурулуктун бири болушу ыктымал экенин айтууда.
Binance компаниясынын өкүлдөрү уурдалган каражатты колдонуу мүмкүн болбой тургандай кылып "тоңдуруу" иши жүрүп жатканын билдиришти. Азырынча болжол менен 3 млрд доллардын кайда экени аныкталды.
Binance компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири И Хэ окуя программанын иштелип чыгышына жана колдоосуна жооп берген инженердин ноутбугуна жасалган чабуулга байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, хакерлер кызматтык контейнерге кирип, каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө мүмкүндүк алышкан.
Ошол эле учурда компания криптокапчыктардын жашыруун ачкычтары сыртка чыгып кеткени тууралуу эч кандай далил табылбаганын маалымдады. Binance кардарлар тарткан бардык чыгымдарды компенсациялап берүүнү убада кылды. Текшерүү аяктаганга чейин каражаттарды чыгаруу жана эсепке түшүрүү операциялары убактылуу токтотулду.
Хакердик чабуул криптовалюта рыногуна да таасирин тийгизди. Reuters маалымдагандай, Азия базарларында биткоин баасы 3% ашык төмөндөп, акыркы үч аптадагы эң төмөнкү көрсөткүч болгон 76 368 долларга түштү. Ethereum да 3% ашык арзандап, эки айдагы эң төмөнкү деңгээл болгон 2 178 долларга чейин түштү.
Бул акыркы убактагы алгачкы ири окуя эмес. TRM Labs компаниясынын маалыматына караганда, өткөн жылы дүйнөдө 150гө жакын хакердик чабуул катталып, натыйжада 2,9 млрд долларлык криптовалюта уурдалган.
Шерине