Кыргызстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкозөмөл) өлкөдө интернетти чектөө тууралуу сунуш бербегенин, кеп мыйзамсыз онлайн казинолорду бөгөттөө тууралуу жүрүп жатканын билдирди.
Мекеме 30-октябрда тараткан билдирүүсүндө интернетке эркин кирүүгө тыюу салуу сунушталганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, сөз мыйзамсыз онлайн казино, букмекердик жана кумар оюндары платформаларына каршы күрөш жөнүндө экенин маалымдады.
Финкөзөмөл төрагасы Кайрат Маматов мыйзамсыз кумар оюндарынын сайттарын жана алардын төлөм каналдарын бөгөттөө маселесин гана көтөргөнү, социалдык тармактарга, мессенжерлерге, жаңылык ресурстарына кирүүнү чектөө, жарандардын кат алышуусун көзөмөлдөө же сөз эркиндигин чектөө тууралуу сөз болбогону белгиленди.
Билдирүүдө айтылгандай, Кыргызстандык колдонуучуларды кылтагына илип ала турган чет өлкөлүк мыйзамсыз онлайн казинолор жана букмекердик платформалар көп болууда. Алардын биринин эле ай сайын 40 миңден ашык активдүү колдонуучусу бар экени айтылды.
Мунун алдында Маматов «Биринчи радионун» эфиринде сүйлөп жатып Кыргызстандагы бардык интернет-трафикти толук көзөмөлгө алууну сунуштаганы тууралуу маалымат тараган.