Бишкек мэриясы өтмөктүн дубалы бузулганы боюнча түшүндүрмө берди

Шабдан баатыр жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктүн бузулган дубалы. 29-октябрь, 2026-жыл.

Чыңгыз Айтматов жана Шабдан Баатыр (мурдагы Лев Толстой) көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөккө кадалган панелдердин сынып, бузулганы боюнча Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы түшүндүрмө таратты. Анда өтмөктүн дубалына кадалган панелдер автокырсыктын натыйжасында сынып түшкөнү айтылды:

"29-октябрда саат 03:07 чамасында аталган жерде жол кырсыгы катталган. Баштапкы маалымат боюнча, Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, өтмөктүн дубалын сүзгөн. Натыйжада дубалдын сырты жабыркаган. Окуядан кийин айдоочу өзү милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына кайрылып, жол кырсыгы каттоого алынган.

Мэриянын Инстаграмдагы баракчасында кырсыкка учураган унаа айдоочусунун "панел өмүрүн сактап калганын" айткан сөзү да бар.

Шаар бийлиги соцтармактарда жакында эле панел кадалып, жасалгаланган "дубал өзүнөн өзү түшүп жатат" деген маалымат чындыкка дал келбесин, учурда өтмөк дубалынын бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Аталган тилкедеги өтмөктүн дубалдары быйыл августтун аягында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин утурлай толук оңдоодон өткөрүлүп, жаңыдан панелдер кадалган.(ZKo)

Дагы караңыз

Олешкиден жайкын тургундарды эвакуациялоо жараяны аяктадыОрусияда жаза өтөп жаткан тажик жарандары мекенине кайтарууну сурануудаАКШ Мамдепартаменти Украинага Patriot үчүн 500 ракета сатууну жактырдыАКШ элчилиги виза алуудагы алдамчылыкты алдын алуу иштерин күчөткөнүн билдирдиСогушта каза болгон орус аскерлеринин кеминде 285 миңинин аты-жөнү такталды