1-ноябрдын аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

1-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 0…+5°, күндүз +14…+19°
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн -1…+4°, күндүз +13…+18°
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +5…+10°, күндүз +16…+21°
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -1…+4°, күндүз +10…+15°
  • Нарын облусунда: түнкүсүн -1…-6°, күндүз +10…+15°

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4°, күндүз +16…+18° болот.

Дагы караңыз

Тилекмат Күрөңовду үй камагына чыгаруу өтүнүчү кайрадан четке кагылдыПрезидентке кош нике тууралуу арызданган аялдын күйөөсүнө иш козголуп, камакка алындыБишкек мэриясы өтмөктүн дубалы бузулганы боюнча түшүндүрмө бердиОрусияда жаза өтөп жаткан тажик жарандары мекенине кайтарууну сурануудаОлешкиден жайкын тургундарды эвакуациялоо жараяны аяктады