Айгүл Жапарова үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу ачык айтууга чакырды

Айгүл Жапарова жана Эмине Эрдоган. Анкара, 2026-жыл.

Кыргызстандын президентинин жубайы Айгүл Жапарова коомду үй-бүлөлүк зомбулукка кайдыгер карабай, жабыркаган аялдарга жана балдарга өз убагында жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 30-октябрда Анкарада Түрк мамлекеттер уюмунун Үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңешинин биринчи жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Өз сөзүндө ал үй-бүлөлүк зомбулук коомчулукта ачык айтылбай, жашырылып калышы олуттуу көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи. Зомбулуктан жабыркаган ар бир аялдын жана кыздын үнүн угуп, аларга укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын кызматташтыгын күчөтүү зарыл болуп жатканын айтты.

Жапарова аялдардын саясий жана коомдук турмушка катышуусу тууралуу да сөз кылды. Ал Кыргызстандын мыйзамдарында Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттардын кеминде 30 пайызын аялдарга бөлүү каралганын эске салды.

Мындан тышкары ал үй-бүлөгө кам көрүү аялдардын билим алуусуна, кесиптик жактан өнүгүүсүнө жана өз дареметин ачуусуна тоскоол болбошу керектигин белгиледи.

Үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу айтып жатып президенттин жубайы Кыргызстандагы үч жашка чейинки балдарга берилүүчү "Бала ырысы" жөлөкпулун жана "Менин үйүм" турак жай программасын атады. Кыргызстанда кабыл алынган Санарип кодексинде балдардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча өзгөчө талаптар каралганын белгиледи. Ошондой эле ата-энелерди балдары менен ишенимдүү мамиле түзүп, алардын санариптик чөйрөдөгү активдүүлүгүнө көңүл бурууга чакырды.

Айгүл Жапарова үй-бүлөлүк зомбулук маселесине буга чейин да көңүл бурган. 2023-жылдын ноябрында ал мурдагы күйөөсүнүн зомбулугунан жабыркаган Асел Ногойбаевадан кабар алып, аялдар менен кыздар кайсы жерде болбосун өзүн коопсуз сезиши керектигин билдирген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук статистика комитетинин соңку расмий маалыматтарына караганда, быйылкы жылдын 8 айында Кыргызстанда дээрлик 19 миң үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Былтыркы көрсөткүчтөн бул 32% көп.

Үй-бүлөдөгү зомбулук сегиз айда 26 өлүмгө жеткирген.

Зомбулуктан жабыркап, укук коргоо органдарына кайрылгандардын жана коргоо ордерин алгандардын 96% ашыгын аялдар түзөт. Калгандары кары-картаңдар, балдар жана эркектер.

Социологиялык изилдөөлөрдүн жана укук коргоо органдарынын талдоосуна караганда, зомбулук жана агрессия көрсөткөндөрдүн 62% ошол учурда мас абалда болгон.

Эл аралык уюмдар жана кризистик борборлор расмий статистика "айсбергдин чокусу" гана экенин белгилешет. Алардын айтымында, коомдук кысымдан («эл эмне дейт») же укугу корголоруна ишенбегендиктен миңдеген аялдар көйгөйүн жашырып жашап келишет. (ZKo)

Дагы караңыз

Севан менен Ысык-Көл. Форелди көбөйтүү, көлдү коргоо, илимий изилдөө Мурдагы министр Ажикеевдин аты аралашкан курулуш сүрдүрүлдүХарьковдо Орусиянын дрон чабуулунан беш адам жараат алдыПольшада Конституциялык трибуналдын айланасында саясий кризис күчөдүСанкциялар "сабагы": Бишкек шектүү компанияларга каршы аракетин күчөттү