Батыш өлкөлөрү Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берет деген дооматын Кыргызстанга бир нече ирет койгон. Жада калса, Кыргызстанда катталды делген компаниялар улам санкцияга киргени жарыяланды.
"Ар тараптуу иш жүрүүдө"
Экономика жана коммерция министрлиги санкциялык тобо келтиктерди азайтуу үчүн ар тараптуу иштер жүрүп жатканын билдирди.
Буга тиешеси бар компаниялар жабылып жатканын маалымдады.
"Мамлекеттик банктар 240 тан ашык эсепти жапты. Башка компанияларды текшерүү улантылууда. Бул маалыматтар жүргүзүлүп жаткан иштерди жалпы мүнөздөйт жана А7 менен А7А5 гана тиешелүүн эмес, алдын алуу максатында А7 жана А7А5 менен байланышкан рыноктун катышуучуларына карата чаралар көрүлгөн. Финкөзөмөл рыноктун бир катар катышуучуларынын лицензияларын кайтарып алган", - деп маалымдады министрлик.
Министрлик жабылган же жабуу аракети көрүлүп жаткан ишканаларды так атаган жок, кайсы багытта иштегени да белгисиз.
Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстан Европа Биримдиги, Улуу Британия, АКШ жана башка эл аралык өнөктөштөр менен санкцияга байланышкан маселеде кызматташууга даяр экенин кабарлады.
Кыргыз өкмөтү антисанкциялык чараларды көрүп жаткан чакта Батыш өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы компанияларды "кара тизмеге" киргизүүсү уланып жатат.
Батыштын "кара тизмеси"
Маселен, октябрдын башында британ өкмөтү Кыргызстандагы мамлекеттик "Процессинг KG" компаниясына санкция салды. Бул компаниянын Орусиянын А7 тармагын SWIFT системасына альтернатива катары сүрөөнгө алып келген "VexPay" төлөм платформасы менен байланышы бар деп айтылат.
Компаниянын башка түзүмү катары Кыргызстандын Финансы министрлиги көрсөтүлүп, ага байланышкан интернет ресурстардын арасында vexpay.net сайты да аталган.
Мындан тышкары, Кыргызстанда катталган Token Spot жана Tsunami Payments компанияларына Орусиянын "Планета" компаниясына, ошондой эле Crypto Mus жана Haliket криптовалюта сервисине байланыштуу канадалык Heltox Enterprises компаниясына санкция салды.
Лондондун пикиринде, алардын экөө А7 тармагына байланыштуу транзакцияларды жүргүзгөн же аларды камсыздоого көмөк көрсөткөн. А7 буга чейин мыйзамсыз операцияларга катышкан деген айыптоолорду четке каккан.
А-7 компаниясынын негизги фигураларынын бири Молдовадан чыгып кеткен ишкер Илан Шор. А7 менен Орусиянын аскердик өнөр жай тармагын тейлеген, санкциядагы Промсвязьбанктын да байланышы бар. Банктын А7деги үлүшү 49% чейин экени буга чейинки иликтөөлөрдө көрсөтүлгөн.
Соңку санкциялык чараларга байланыштуу Экономика министри, санкциялар боюнча президенттин өкүлү Бакыт Сыдыков комментарий бере элек.
"Кызыл чек" барбы?
Экономист Кубан Чороев кыргыз өкмөтү баарын эле ошондой санкцияга туш келет деп тышкы соода операцияларына чектөө киргизе берсе өлкөнүн жалпы экономикасына, Кыргызстандагы ишкерлерге дагы зыян келтирерин айтууда:
"Ошондуктан бул экөөнүн ортосунда так "кызыл сызык" коюлган эмес деп айтууга болот. Ошол себептен, менимче, кыргыз өкмөтү санкциялар боюнча атайын жооптуу адамды бөлүп жатканынын өзү да белги. Башкача айтканда, “силер бизге маалыматтарды бергиле, биз алардын баарын карап чыгып, тиешелүү чараларды көрөбүз” деген сигнал болуп жатат".
"Азаттыктын" эсебинде, 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген.
Анын ичинде беш банк: "Керемет банк", "Капитал банк", "Толубай банк", "Евразиялык сактык банкы" жана "Эко Исламик банкы" бар.
Кыргызстандагы байланыштар буга чейин да иликтөөлөрдө чыккан.
"Азаттыктын" Кыргызстандын Юстиция министрлигинин документтерине таянган иликтөөсүндө А7А5 криптовалютасын чыгарган "Олд Вектор" компаниясы Кыргызстанда катталганы аныкталган. Ошол эле документтерде "А7 Кыргызстан" компаниясы да Бишкекте каттоодон өткөнү көрсөтүлгөн. "А7" каржы компаниясы тууралуу америкалык The New York Times басылмасы иликтөө жарыялап, Кыргызстан бул схеманын негизги бутактарынын бири экенин жазып чыккан.
Басылма Кыргызстандагы соңку жылдардагы экономикалык жетишкендиктерин да ошол факторга байланыштырса, расмий Бишкек аны төгүндөгөн.
Расмий Бишкектин позициясы жана талдоочулардын пикири
Президент Садыр Жапаров бул тууралуу быйыл 5-октябрда "Бишкек аренанын" ачылышында сүйлөп жатып мындай деген:
"Жок, андай эмес туугандар. 2021-жылдын аягына карагыла, ошондон бери түшпөй келет. Биз криминалды, коррупцияны жок кылгандан (100% жок кыла албасак дагы күрөшүп жатабыз, жок кылабыз акыры барып түбүн), мына ошонун пайдасынан экономикабыз ушинтип өсүп жатат".
Анткен менен эл аралык санкцияга илинип калуунун узак мөөнөттүү кесепетин эске алууну, колдонулуп жаткан чараларды дагы бир сыйра карап чыгууну сунуштагандар бар.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров согушка байланыштуу товарлардын өзүнчө тизмеси бар экенин, өкмөт ошонун негизинде иштегени туура болорун айтууда:
"Ошол товарлар биздин аймак аркылуу реэкспорттолбошу үчүн өкмөт өзүнчө токтом кабыл алышы керек деп ойлойм. Анткени маселе товарды таптакыр сатпай коюуда эмес. Европа Биримдиги деле Орусиядан газ менен мунайды түздөн-түз алып жатат. Демек, кеп соода жүргүзбөй коюуда эмес, согушка байланыштуу товарлар тууралуу болуп жатат. Санкцияга кабылбаш үчүн өкмөт мындай товарлар боюнча өзүнчө тартип киргизип, алардын Кыргызстан аркылуу өтүшүнөн же реэкспорттолушунан качыш керек. Болгону ошол".
Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн делген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет. Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргыз бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.
Жогоруда айтылгандай, The New York Times басылмасынан сырткары Financial Times да иликтөө чыгарып, Илан Шор негиздеген "А7" компаниясы Кыргызстандын аймагында "Гринекс" аттуу крипто биржа уюштуруп, анда рублга теңме-тең байланган А7А5 аттуу стейблкойнди Бишкекте жүгүртүүгө чыгарганын баяндаган.
Financial Times'тын журналисттери "Гринекстеги" капчыктарды жана алып-сатууларды анализдеп көрүүнүн жыйынтыгында биржа ачылгандан берки төрт ай аралыгында анда 9 млрд 300 млн долларлык токен айлантылганын эсептеп чыгышкан.
Жарандык активист, экономист Марат Мүсүралиев согуш башталгандан бери Батыш өлкөлөрү, Европа Биримдиги, АКШ Орусияга каршы өзгөчө финансылык, акча каражат жагынан катуу санкцияларды киргизгендиктен орус бийлиги башка жолдорду издей баштаганына көңүл бурууда:
"Орусиянын көптөгөн компаниялары дүйнөлүк, айрыкча батыштык компаниялар менен иштешкенде акча которуу жагынан олуттуу кыйынчылыктарга туш боло баштады. Дээрлик төлөм жүргүзө албай калды. Ошондуктан алар башка, айланма жолдорду издей башташты. A7 аттуу криптовалюта чыкты. Аны Кыргызстан ачпаптыр, Орусиянын Промсвязьбанкы менен байланыштырган маалыматтар айтылып келет. Банктын жетекчиси Фрадков деген жигит экен. Ал мурда Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси болуп иштеген жана премьер-министрлик кызматты аркалаган Михаил Фрадковдун уулу экен. Башкача айтканда, Орусиянын бийлигине жакын чөйрө. Ошондой эле бул криптовалютанын артында Молдовада шылуундук үчүн айыпталып, кийин көп жылга соттолгон Илан Шор турат дешет. A7ни түзгөндөрдүн 51 пайызына ошол ээлик кылат деп да айтышат".Эл аралык басылмалардын артынан "Азаттык" да өз алдынча иликтөө жүргүзүп, айрым фактыларды аныктаган. Тагыраагы, Илан Шордун Орусиядагы A7 компаниясы Бишкекте "A7 Кыргызстан" аттуу компания ачып, "Олд Вектор" аттуу фирма аркылуу A7A5 аттуу токенди сатыкка чыгарганына күбө болгон.
Криптовалюта боюнча адис Арстанбек Самиев бул тууралуу мындай дейт:
"Менин билгеним боюнча, A7A5 деген стейблкоин рублга барабар болуп Кыргызстанда чыгарылган. Аны деген ар кандай максатка иштетсе болот. Түздөн-түз кайсы максатта, кандайдыр бир курал-жарак алуу үчүн иштетишкенби же башкагабы, аны айта албайт экенмин. Мен билгенден эч ким колдонгон жок. Угуп калдык ошондой криптовалюта чыгарышыптыр деп. 99.9% кыргызстандыктар билбей деле калды. Крипто жөнүндө түшүнгөн, крипто менен иш кылгандардын 99% A7A5 жөнүндө эч укпай деле калышты. Өздөрү колдонушу мүмкүн ички транзакциясы үчүн же ишенген өнөктөштөрү менен алуу-сатууга. Бирок элге жайылган жок да".
Эл аралык басылмалардын алгачкы иликтөөлөрү жарыялангандан бери Илан Шор өзү да, анын A7 компаниясы да жана аларга катышы бар Кыргызстандагы “Олд Вектор”, “Гринекс”, “ТенгриКоин” жана “Кифико” жеке менчик фирмалары да Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинди.
Шерине