Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкөдө саясий күчтөрдүн ортосунда консенсус болуп, саясий күчтөрдүн толкундоолору жоголуп, милицияга криминалдарга каршы иштегенге шарт түзүлгөнүн билдирди.
Бул тууралуу өкмөт башчы 1-ноябрда милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтты. Анда жалпы коом, укук коргоо органдары кылмыштуулукка сокку уруп, уюшкан кылмыштуулукту, коррупцияны жоюуда натыйжалуу аракеттер болгону айтылат.
Расмий маалымат боюнча, акыркы төрт жылда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) автопаркы 95% жаңыланып, 200дөн ашык ар кандай багыттагы объекттер курулуп ишке беилген. Өлкө боюнча 10 миңден ашуун видео-камера орнотулду. Өткөн жылдарга салыштырмалуу кылмыштуулуктун катталуусу 78% азайып, одоно тартип бузуулар 69% төмөндөгөн. (BTo)