Ички иштер министрлиги (ИИМ) баңгизат аткезчилигине шек саналган кыргыз жараны АКШдан Кыргызстанга экстрадиция болгонун кабарлады.
Мекеменин маалыматында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө укук коргоо органдары АКШдан Кыргызстанга маңзат жана психотроптук заттарды мыйзамсыз ташып кирип, андан ары сатууга багытталган схема аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул мыйзамсыз ишмердүүлүккө уюшкан баңги тобунун мүчөлөрү да катышкан.
2024-жылдын башында Америкада убактылуу жашап жүргөн (Х.Т.) шектүү кургатылган марихуана гүлдөрүн, ошондой эле психотроптук заттарды сатып алып, аларды ар кандай эл керектөөчү товарлардын ичине жашырып, тааныштарынын атына эл аралык почта жөнөтмөлөрү аркылуу Кыргызстанга жиберип турган.
Кыргызстандан аны тосуп алгандар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында сатышкан. Бул факты боюнча кылмыш ишинин алкагында ага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана иштин башка жагдайларын тактоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. (BTo)