Орусиянын Украинага соккуларынан киши өмүрү кыйылды, 20дан ашууну жараат алды

Одессага соккунун кесепети. 2-ноябрь, 2026-жыл

Орусиянын авиациясы Украинанын Харьков облусундагы Изюм шаарына сокку урду. Жергиликтүү бийлик бир адам каза болуп, дагы кеминде үч киши жараат алганын билдирди.

Соккуда башкарылуучу авиациялык бомбалар колдонулган. Төрт кабаттуу турак үйгө тийип, почта бөлүмүндө өрт чыкканы кабарланды. Жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары жабыркагандыктан, Изюм шаары толугу менен электр жарыгысыз калды.

Харьков облусундагы дагы бир калктуу конушта, Васищево айылында, Орусиянын чабуулунан 12 адам, анын ичинде бир бала жабыркады. Дрон беш кабаттуу турак үйдүн чатырына тийген. Өрт өчүрүүчүлөр жогорку кабаттагы батирде камалып калган эки тургунду куткарып чыгышкан.

Орусия Одесса шаарына да сокку урду. Андан төрт адам жараат алганы кабарланды. Эки турак үй жана инфраструктуралык объектилерге зыян келтирилген.

Дагы караңыз

Самарада дрон чабуулунан "Транснефтинин" ишканасында өрт тутанды Жаштар кымбатчылыкка каршы көчөгө чыкты: Европадагы тополоң менен коштолгон нааразылык