KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, абакта жаткан ишкер Имамидин Ташов түрмөдөн кайра кат жазып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Ал президент Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерине, кармалгандарды кыйноого алганы тууралуу маалыматтарга ишенбей жатканы менен УКМКнын кызматкерлери күн алыс кармалып атканын билдирди. Мындан тышкары мамлекет башчынын айыл-аймактарда эл менен жолугушуусунда да тургундар атайын кызматтын ишине даттанып жатышканын кошумчалап, Садыр Жапаров айткан 450 миң доллар боюнча дагы бир жолу комментарий берди:
“Ал эми видеодогу 450 миң доллар УКМКнын акчасы. Ошондуктан ал акча бирөөгө берилген жок, анча сумма менен бирөө-жарым кармалган жок жана кылмыш ишинде да жок. Ал сумманы 2023-жылы 8-декабрда УКМКнын 2 кызматкери (Жапаров Элнур, Токтогулов Жоомарт ) мени соттон кыйнап, коркутуп уурдап “Хаят” отелине алып барып алдын ала өздөрү даярдаган бир сумка акча 450 миң долларды тартып алышкан видео. Ошол кызматкерлер менен болгон WhatsApp жазуулар да бар. Мени уурдап, ташып жүргөн унаа ак түстөгү (281 AFZ) номерлуу Lexus унаасы болчу. Мындан артык силерге кандай далил керек?”, - деп жазган ишкер.
Садыр Жапаров 12-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда Имамидин Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимованын суроосуна жооп берген. Ишкердин апасы “уулу жалган жалаа менен соттолгонун” айтып, ишин акыйкат карап берүүнү суранган. Мамлекет башчы бул маалыматты четке каккан.
“Эч ким аны (ред: Имамидин Ташов) подстава кылган эмес. Ал криминалдарга 450 миң долларлык батирин таратып, “революция кылам” деген. Ал кезде Камчы Көлбаев тирүү болсо керек. Ага жана анын балдарына батир тараткан. Акча чачып, “революция кылабыз” дегенин билем”, - деген президент.
Кийин Имамидин Ташов Садыр Жапаровго кат жолдоп, өзүнө коюлган айып боюнча мамлекет башчыга туура эмес маалымат берилгенин, кылмыш дүйнөсү менен эч кандай байланышы болбогонун айткан.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан.
Ишкердин адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген.
Бишкек шаардык соту 17-июлда Имамидин Ташовго тагылган Кылмыш-жаза кодексинин үч беренесинин экөө – 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) жана 327-берене (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп таап өкүмдү күчүндө калтырган. Ал эми үчүнчү – 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча акталган. Натыйжада биринчи инстанция берген 9 жылдык жаза 1 жылга азайып, 8 жылга түшүрүлгөн.
УКМК Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет.
Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган. (BTo)