“Кыргызстан улуттук электр тармагы” (КУЭТ) ишканасы электр энергиясын колдонууда 5 кВт/сааттан 7 кВт/саатка көбөйтүү демилгеси электр жарыгы менен гана жылытылган, бир фазалуу электр эсептегичтери бар көп батирлүү турак жайларга гана тиешелүү экенин билдирди.
Мекеме себеби көп батирлүү үйлөрдүн тургундары электр энергиясын тиричилик муктаждыктары үчүн гана эмес, үйлөрүн жылытуу үчүн да колдонорун, бул суук мезгилде жүктөмдү бир топ көбөйтөрүн кошумчалады.
“Уруксат берилген кубаттуулукту 7 кВт/саатка чейин көбөйтүү жылытуу мезгилинде тургундар үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылууга багытталган. Бишкек шаарында мындай 276 көп батирлүү үй бар”, - деп айтылат маалыматта.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы калган колдонуучуларга электр жарыгы буга чейинки кубаттуулукта - 5 кВт/саат боюнча эле берилерин кабарлады.
Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары “Энергетика министрлиги менен электр жарыгын бөлүштүргөн компаниялар Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугун 7 кВт/саатка чейин көбөйтүү сунушун бергенин” жазган.
Коомчулукта 5 кВт/саат чектөөдөн улам үйдө бир учурда бир нече тиричилик техникаларын иштетүүгө мүмкүн болбой, жарык утур-утур өчүп, электр эсептегичтен кайра күйгүзүүгө туура келип жатканы айтылууда. Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев да көтөргөн.
Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн 4,1 млрд кВт/саат электр жарыгы импорттолот.
Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү толук жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)
Шерине