Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2-ноябрда өткөн эмгек миграциясы боюнча жыйында чет өлкөлөрдө иштеген жарандардын мекенине жөнөткөн акча которууларынын жылдык көлөмүн 50 миллиард долларга жеткирүү зарылдыгын билдирди.
Анын айтымында, учурда өзбекстандыктар мекенине жылына 20 миллиард доллардан ашык каражат которуп жатышат. Бирок бул процессти уюштурууга мамлекеттик органдардын катышуусу дээрлик жок.
«Экспорттун көлөмүн 70 миллиард долларга жеткирүү максатын койгонубуздай эле, бул багытта да үй-бүлөлөргө бир жылда 50 миллиард доллар түшүшүнө жетишишибиз керек», - деди Мирзиёев.
Президент чет өлкөдө иштеген жарандардын кирешесинин өсүшү алардын үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалын жакшыртуу менен катар өлкөгө эл аралык тажрыйбасы бар адистердин кайтып келишине шарт түзүүгө жардам берерин белгиледи.
Мирзиёев эмгек мигранттарын колдоо боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, элчилердин жана башка мамлекеттик органдардын ишин сынга алды. Азыр чет жактан келип жаткан акча көлөмү эмгек мигранттарынын өз аракетинин натыйжасы экенин айтты.
«Бүгүнкү күндө мамлекеттин ушул 20 миллиард долларга эч кандай тиешеси жок», - деди ал.
Өзбек президенти ошондой эле өлкө жарандары чет өлкөдө айына кеминде 2000 доллар табууга мүмкүнчүлүк алышы керек экенин айтты. Ал айрым мигранттар жетиштүү кесиптик даярдыгы жок болгондуктан 400 доллар айлыкка иштеп жатканына нааразылыгын билдирди.
Мамлекет башчысы эмгек миграциясына кетчү жарандарды алдын ала кесипке жана чет тилдерге окутууну күчөтүүгө чакырды. Анын сөзүнө караганда, жаштар чет өлкөгө жөнөп кетерден мурда кайсы жерде иштей турганын, кандай маяна аларын жана алардын укуктарын ким коргой турганын билиши керек.
Мирзиёев акыркы он жылда чет өлкөдө иштеген өзбекстандыктардын саны эки эсе азайганы менен өлкөгө түшкөн акча которууларынын көлөмү төрт эсе көбөйгөнүн белгиледи.