Казакстандык Калымбетова көп жылдан бери издеп жүргөн кызы менен АКШда жолукту

Наташа Калымбетова.

1990-жылдардын ортосунда сексуалдык зомбулуктун кесепетинен кош бойлуу болуп, жакындарынан колдоо таппагандыктан ымыркайын балдар үйүнө берүүгө аргасыз болгон Наташа Калымбетова кызы менен АКШда биринчи жолу көрүштү.

ДНК анализи алардын эне-кыз экенин тастыктады. Бул тууралуу Калымбетова өзү билдирди.

«Көптөн бери күткөн жаңылык. Жыйынтык чыкты. Мына, карагыла, 99,999999% . Мен силерге ал менин кызым экенин айтпадым беле. Аны көргөндө эле түшүнгөм. Бирок ал тынчсызданып жатты. Колунда менин документтерим болсо да, Америкада чоңойгондуктан ДНК анализинин жыйынтыгын көргүсү келди. Мына, документ чыкты. Ал менин кызым», — деди Калымбетова TikTok баракчасына жарыялаган видеосунда.

Наташа Калымбетова быйыл жазында башынан өткөн окуяны айтып берип, Казакстанда чоң талкуу жараткан. Анын айтымында, 1994-жылы 17 жашында Батыш Казакстан облусунда төрт жигит аны зордуктап, натыйжада кош бойлуу болуп калган.

Калымбетова бул окуяны коомчулукка айтып чыккан учурда Тайландда жашап жатканын билдирген. Анын айткандары кызуу талкууланып жаткан маалда Батыш Казакстан облусунун полициясы 32 жыл мурдагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, Калымбетованы көрсөтмө берүү үчүн Казакстанга чакырган.

Калымбетова баласы төрөлгөн соң жакындарынан колдоо таппай, ымыркайын балдар үйүнө берүүгө аргасыз болгон.

Анын айтымында, ал үч жыл бою балдар үйүнө барып, кызын көрүп жүргөн. Бирок бир канча убакыттан кийин кайра барганда, америкалык үй-бүлө кызын багып алып, АКШга алып кеткенин билген.

Бул окуя коомчулукка жарыялангандан кийин жеке маалыматтары Калымбетова айтып берген жагдайларга дал келген америкалык аял табылган. Бирок кызынын жеке жашоосуна кийлигишпөө үчүн Калымбетова анын аты-жөнүн жана сүрөтүн жарыялаган эмес.

Кызы чет өлкөдө жасалган ДНК анализинин жыйынтыгына толук ишенбей, анализди АКШда кайра тапшырууну каалаган.

Ноябрдын башында Калымбетова АКШга барып, кызы менен жолуккандан кийин ДНК анализин тапшырган.

Быйыл июль айында Калымбетова Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, тергөө иши алдыга жылбай жатканын билдирген.

Эми ал ДНК анализинин жыйынтыгы кылмыш ишин аягына чейин иликтеп чыгууга жардам берет деп үмүттөнүүдө.

Дагы караңыз

АКШ Ирандын стратегиялык Кешм аралына сокку урганы ырасталдыУлуттук банк валюта базарына дагы 214 миллион 550 миң доллар саттыАбактагы Имамидин Ташов президент Жапаровго кайра кат жазды