Орус армиясынын Харьков ооруканасына соккусунда 73 адам жабыркады

Харьковго урулган соккунун кесепети менен күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчүлөр.

Орусиянын аскерлери Харьков шаарынын Немышлян районундагы оорукананын аймагына сокку урду. Бул тууралуу Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов кабарлады. Акыркы маалыматтарга караганда, 73 адам жабыркады. Алардын арасында бейтаптар, медицина кызматкерлери жана жакын жердеги үйлөрдүн тургундары бар. Ооруканадан 226 бейтап эвакуацияланды.

Прокуратура оорукананын имараттарынын терезелери талкаланып, бөлүмдөрүнүн бири жабыркаганын тактады. Мындан тышкары дагы бир медициналык мекеме, лаборатория, 10 кабаттуу турак жайдын терезелерине жана 13 автоунаага зыян келтирилген.

Шаардын айрым бөлүктөрүндө жылуулук жана ысык суу берүү токтотулду. Харьков метрополитени электр тармактарындагы чыңалуу туруксуз болуп жаткандыктан, поезддердин жүрүү тартиби өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Днепр шаарына жасалган соккудан 17 адам жабыркаганын облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжа билдирди. Инфраструктура объектилери, турак жайлар жана административдик имараттар жабыркаган. Мындан тышкары орус аскерлери Кривой Рог районундагы инфраструктурага да сокку урган.

Днепр шаарынын мэри Борис Филатовдун айтымында, ракеталардын бири улгайган адамдарга паллиативдик жардам көрсөткөн хосписке тийген.

«Талкаланган хоспистеги айыккыс дартка чалдыккан 50гө жакын бейтап учурда шаардагы башка ооруканаларга көчүрүлүп жатат. Алардын эң улуусу 90 жашта», - деп жазды ал.

Филатовдун айтымында, хоспис жакында эле оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бул мекеме Днепр шаарынын тургундарына жана жер которуп келген адамдарга ушундай багыттагы медициналык жардам көрсөткөн шаардагы саналуу жайлардын бири болчу.

Винница облусунда энергетикалык объектилер жана электр берүү линиялары жабыркагандыктан, калктуу конуштардын басымдуу бөлүгү электр жарыгысыз калды.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, Винница облусундагы Ладыжин жылуулук электр станциясына, Днепропетровск облусундагы Кривой Рог жана Приднепровск жылуулук электр станцияларына сокку урулган.

Ошондой эле Харьков облусундагы Харьков жылуулук электр станциясы, Змиевская жана Лосево электр көмөкчордондору, Одесса облусундагы Килия портунун инфраструктурасы жана эки жүк ташуучу кеме бутага алынганын Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Дагы караңыз

АКШда Конгресске шайлоо өтүп жататКазакстандык Калымбетова көп жылдан бери издеп жүргөн кызы менен АКШда жолуктуАКШ Ирандын стратегиялык Кешм аралына сокку урганы ырасталды